Menu

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: Чек арага чейин джип менен узатышканы жалганбы?

Бөлүшүү:

-Данияр Үсөнов аты жөнүн өзгөртүп, беларусь жараны болуп алганы Кыргызстандагы козголгон кылмыш ишин уруп ойнобогонун далилдейби?

– Данияр Үсөновду 2010-жылы 7-апрелде Роза Отунбаева менен Темир Сариев отставкасын кабыл алышып, кол коюп, андан кийин чек арага чейин Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсү джип машинасы менен узатып чыгарып коюп, анан алабарман элди алдап калп эле Белоруссиядан кайтарып бергиле дегени бул эки жүздүүлүк эмей эмне?

Эгер жаңы бийлик адилет болсо ошондо эле Данияр Үсөновду камап салышпайт беле? Эми анын качып жүргөнүнө Убактылуу өкмөттү эмес, Лукашенкону айыптап, булар эмне элди келесоо деп эсептешеби? Данияр Үсөновду Кыргызстандын жаңы бийлиги өздөрү качырса Белоруссия эмне үчүн күнөөлүү болуш керек? Данияр деле түшүнүп турат да кыргыз бийлиги элди алдаш үчүн калп эле ага кылмыш иштерин козгоп, калп эле кыйкырып, калп эле аны кайтарып бергиле деп кат жазып жатканын. Ысымын өзгөрткөнү ал дүйнөнү кыдырганда эч жерде маселе болбосун, убактылуу деп жасап жатканы болсо керек.

Анын үстүнө Беларусь тарап да ошондой талап коюшу мүмкүн. Беларусь тарап аны саясый куугунтуктоого кабылган жаран катары кабыл алат. Анткени, аны кайтарып бер деп кыйкырган бийлик аны өздөрү качырышканын жакшы билишет. Ал бийлик 2010-жылдан 2017-жылга чейин жалаң коррупция жана уурулук менен алектенгени боюнча аларда чалгындык материалдар бар. Анын далили катары өлкөнү 7 жыл башкарган Атамбаевдин соратниктери азыр бүт бойдон коррупция боюнча камалып жатышат. Ошол эле Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаевалар Белоруссиядан Данияр Үсөнов “ууру, кайтаргыла”- деп кат жазып жүрүшсө бүгүн өздөрү эмне болуп жатышат? Анын үстүнө Данияр дагы 5 жылдан кийин заман өзгөрөт деп үмүт кылып жатса керек. Анткени, ал көрүп турат да Акаев менен кошо качкандардын баары кайтып келишип, Атамбаевдин амири менен чоң кызматтарды аркалашты. 2010-жылы 7-апрелде Убактылуу өкмөт Бакиевдин 100дөн ашык чиновнигине издөө жарыялаган. Алардын баары кийин Атамбаевге «отметка» кылышып Кыргызстанга кайтып келишип, карьера жасап жатышат. Мисалы Нурлан Сулайманов, Бакыт Сыдыков жана башкалар. Эгер азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшү аягына чейин ишке ашып, Атамбаев камалса, сот системасы адилет жагына өзгөрсө балким Данияр Үсөновдун өмүр бою кесилген өкүмү жумшарып 5-10- жыл болуп калар деген үмүттөрү болушу мүмкүн. Ошондуктан эл Убактылуу өкмөт кыйкырганда ээрчий бербей өз алдынча анализ жасап, далилдерди талап кылып, жаңы бийликтен да таза иштөөнү талап кылып турганда Атамбаевдин режим коррупцияга мынча батпайт болчу.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: