Menu

CJP Африкада журналисттердин өлтүрүлүшүн кылдат иликтөөгө чакырууда

Бөлүшүү:

Журналисттерди коргоо эл аралык комитети (CJP) Борбордук Африка Республикасын, Орусияны жана БУУну Орхан Жемалдын, Алекандр Расторгуевдин жана Кирилл Радченконун өлүмүн кылдат иликтөөгө чакырды.

Уюмдун координатору Анжела Кинтал өз билдирүүсүндө “журналисттердин өлүмү – цензуранын эң катаал формасы экенин” жана бул жазасыз калбашы керектигин белгиледи.

Орусиялык журналисттердин тобу “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” деген ат менен белгилүү болгон орусиялык кошуундун ал өлкөдөгү жалданма аскерлери жөнүндө документалдуу фильм тартмак. Журналисттердин өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат 31-июлда тараган. Версиялардын бирине ылайык, орусиялыктар бараткан машине буктурмага кабылган. Аларга карактоо максатында кол салышканы да айтылууда. Дагы бир божомолдор боюнча кылмышкерлер маркумдарды туткундап, кийин өлтүрүшкөн.

Бул арада “Иликтөөлөрдү башкаруу борбору” Африкада орусиялык журналисттердин өлтүрүлүшү боюнча өз иликтөөлөрүн баштады.

2013-жылы козголоңчулар президентти бийликтен кулаткандан бери Борбордук Африка Республикасында зордук-зомбулук өкүм сүрүп келатат. Бирок Улуттар Уюмунун миссиясы журналисттер киши колдуу болгон аймакты куралдуу күчтөр менен кошо кайтарып жүрүшкөн. Ал жер салыштырмалуу тынч болчу.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: