Ат-Башыда картошка эгип, дыйкан болуп кеткен генерал Бакыт Жусубалиевге бүгүнкү бийликтеги лөктөрдүн көзү түз экени, эки-үч айдан кийин министрлик кызматка апкелишери каңкууланды. Мурда Чүй ОИББсин жетектеген, ИИМдин 1-орун басары болгон Бакыт мырзага кайсы кызматты беришери коомчулукка кызык болсо керек. Милициянын тепкичтерин ырааттуу басып өткөн каарманыбыз өз ордун табары шексиз, о.э. мамлекетке кызмат кылуу үчүн энергиясы ашып-ташып турганын да билебиз. Эми өкмөттө өзгөрүүлөр башталса, генерал Жусубалиевдин төлгө ташы төп түшүп, өзү каалаган жетекчилик кызматка бара турганы байкалып калды…
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ