Menu

Тажик мигрантына ок аткан Москванын тургуну 10 жыл 3 айга соттолду

Бөлүшүү:

4-августта Москванын Черемушкин райондук соту метро вагонунда тажик мигрантына ок чыгарган 61 жаштагы Сергей Царёвду 10 жыл 3 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Сот чечимине ылайык, ал жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өткөрүшү керек.

Эки жыл мурда Царёв мас абалында метродо бараткан тажикстандык мигрант Сулаймон Саидов менен жээнинин вагондон чыгып кетишин талап кылып, жаңжал чыгарган.

«Жарандык көмөк» («Гражданское содействие») комитетинин маалыматына караганда, кол салган адам тажикстандыктардын дарегине жаман сөздөрдү айткан. Андан соң Саидовду көздөй бир нече жолу ок атып, ал курсагынан жана башынан жараат алган. Жаракаттары оор болгондуктан дарыгерлер анын бир көзүн алып салууга аргасыз болушкан.

Царёв окуя болгон жерден качып кетип, бирок көп өтпөй колго түшкөн. Ага каршы «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Москвадага «Сова» борборунун маалыматына караганда, тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн психикалык саламаттыгынан күмөн саноолор болгон. 2016-жылы октябрда Федералдык медициналык изилдөө борбору Царев «психикалык жактан жабыркайт» жана мажбурлап дарыланышы керек деген корутунду чыгарган. Ошол эле жылы декабрда Москванын Кузьминск райондук соту Царевди психиатралдык ооруканага жаткыруу чечимин кабыл алган. Бирок анда Царев оорулуу деп табылган эмес.

Мындан соң жабырлануучу Царёвдон медициналык чыгымдар үчүн 300 миң рубль, моралдык чыгым үчүн 15 миллион рубль компенсация талап кылып, жарандык доо менен сотко кайрылган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: