Menu

Текебаев жакында абактан чыгабы?

Бөлүшүү:

Кыргыздын Нелсон Манделасы аталган айтылуу “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмурбек Текебаев сыягы, жакын арада эркиндикке чыгат окшоп калды. Мындай деп айтууга анын 31-июлда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна которулушу үмүт жаратууда. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий билдирүүсү боюнча, Ө.Текебаевдин жүрөгү ооругандыгына байланыштуу врачтар аны аталган медициналык мекемеде дарылоо сунушун беришкен. “Ө.Текебаев өзүн жаман сезип, саламаттыгы оорлоп кеткени үчүн эмес, дарыгерлердин сунушу менен которулду. 31-июлдан тартып текшерүүлөр башталды. Ошонун негизинде дарылануусун улантат Азырынча конвой менен ооруканада болот”,- деп айтылат ЖАМКнын билдирүүсүндө.

Текебаевдин ден соолугуна байланыштуу маселе парламентте да козголуп, айрым депутаттар «анын ден соолугу жакшылап текшерилип, зарыл болсо дарыланышы керек” деген мазмундагы кайрылууга кол топтошкон. Демек, Кудай жалгап Өмүкенин ден-соолугу жакшы эле. Эгер бийлик тараптан макулдук болбосо аны М.Миррахимов атындагы ооруканага которушмак эмес. Эксперттер бул жагдайды “Ө.Текебаевдин эркиндикке чыгышына карата жасалган бир кадам”,- деп баалашты. Бул ар качандан бир качан бийликтин камчысын чаап, барабанын дүнкулдөтүп келген экспертгерин деле оюна келгенди оттоп койгудай эки башы жок да. Андыктан шамал Ак үй тараптан согуп, “фас” деген команда болгондой. К.Исаевдин үй камагына чыгарлышын да ушул эле эксперттер бир ооздон бийликтин АШАга каршы тура ала турган “терминаторду” даярдашы деп хор менен ырдашпадыбы. Бир чети жаны бийлик, президент С.Жээнбеков өзүнүн позициясын бекемдөө, экс-президент жана эски досу А. Атамбаев тарабынан күтүлүп жаткан күзүндөгү “чон казатка” каршы “армия” түзүш керек болууда…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: