Чыгармачылыгы менен белгилүү Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода «Дили модар» (Эне жүрөгү) деген пьеса жазды. Анын негизинде режиссер Курбон Собир спектакль даярдап, ал көрүүчүлөргө 13-августта тартууланат деп күтүлүүдө.
Спектаклде Сирияга барып, «Ислам мамлекети» уюмуна кошулуп кеткен Хуршед аттуу студент жөнүндө айтылат. Аны издеп артынан барган энеси өз уулунун колунан каза табат. «Мен сахнада 60тан ашык эненин ролун аткаргам. Бирок мени бул спектаклдеги драматизм таң калтырды», – деди спектаклде эненин ролун аткарган Мамлекеттик академиялык драмалык театрдын артисти Марьям Исаева.
Былтыр жазында Тажикстан ИИМ башчысы Рамазон Рахимзода укук коргоо органдарында иштеген ар бир кызматкерден айына бир жолу театрга барып турууну талап кылган.
«Эне жүрөгү» – Рахимзоданын алгачкы чыгармасы эмес. Ал Нихони деген адабий ысым менен ырларды жазып, бир канча сыйлыктарга ээ болгон. Былтыр анын чыгармасынын негизинде Улут лидери тууралуу ыр жаралып, аны жергиликтүү жылдыздардын бири аткарып чыккан.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ