Menu

Мадумаров, Сариев, Суваналиев, Казакбаев жана Атамбаев биригеби?

Бөлүшүү:

Баары эле күздү күтүп атышат. «Эмне болот?» дешип. «Атаңдын башы болот!» деген киши жок. Эмне болмок эле? Баягы саясый фигуралар баш көтөрүшөт. Эки гана жээк бар эмеспи – бийлик жана оппозиция. Иргелишет. Сооронбай Жээнбековго каршы күчтөр уюшуп, нааразычылыктарын айтып башташы мыйзам ченемдүү көрүнүш да. Азырынча алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ванга айтпаса деле кыргыз саясаты белгилүү. Митингдер, пикеттер башталышы мумкүн. Өкмөтүбүз тушалган аттай болуп атса, элдин жашоосу жакшырмак беле? Айтор, абалыбыз начар. Ооба, күздө саясый так диагноздор коюлары шексиз.

Баягы «Реформа үчүн», «Элдик фронт» жана БЭКти элестеткен таасирдүү кыймыл түзүлө турганы боюнча алдын ала коңгуроолор кагылып атканы жок жерден эмес окшойт. Дегеним, бир айдан кийин Кыргызстандагы абройлуу саясый күчтөр тил табыша турганы боюнча суроолор жаралууда. Мисалы, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Өмүрбек Суваналиев, Руслан Казакбаев өндүү лидерлер бириге турганы, булардын артынан дагы дымактуу күчтөр кошулары, аныгында, элдин ынтымагын бекемдей турган саясый альянс түзүлүшү болжонууда.

Эң кызыгы, береги лидерлер Алмазбек Атамбаев менен тил табышууга каршы эмес экени таңкалтырууда. Албетте, булар аны лидер кылып көтөрүшпөйт, бирок, катарларына кошуп алышары толук ыктымал. Атамбаев эл астында кечирим сурап, жаңылганын мойнуна алса, зоболосу артат. Аныгында, жогорудагы аты аталган лөктөр түпкүлүгүндө экс-президентти бир жактуу каралоодон бийик турушканы, анан калса, мамлекеттин туруктуулугу үчүн компромисске барууга кызыкдар болуп атышканы жалганбы? Буга чейин Атамбаевди «саясый свалкага» ыргытууга ашыккандардын демдери эми сууйт окшойт, кызыгы, бүгүнкү бийликке таарынган саясый элитанын пикири өзгөрүүдө. Алгач жогорудагы саясатчылар бириксе, андан соң Бекназаров өңдүү кайтпастар баш кошушса, эл деле эргип кетпейби?..

Кызыгы, мындай кошулуулардын маңызы эмнеде? Албетге, Сооронбай Жээнбековдун саясатына каршы аттануу. Бийлик да сак-сактап, коргонууга өтсө керек. Эң башкысы, элибиз тынч болгой эле…

Тайлак Назымов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: