Menu

Алишер Усманов “Арсенал” футбол клубундагы үлүшүн сатат

Бөлүшүү:

Өзбек тектүү орус олигархы Алишер Усманов англиялык “Арсенал” футбол клубундагы 30 пайыздык үлүшүн сатууга макул болду.

Сатып алуучу – клубдун 67% акциясына ээ америкалык магнат Стэн Кронке. Ал мындан тышкары америкалык Denver Nuggets баскетбол клубу жана америкалык Los Angeles Rams футбол командасына ээлик кылат. Кронке клубду бир колго алуу – башкарууну жакшыртат деп эсептейт.

Forbes журналынын эсеби боюнча 12,5 миллиард доллар мүлкү бар Усманов Орусиянын эң бай ишкерлеринин онунчу сабында жайгашкан. Ал “Арсеналдагы” акцияларын он жыл ичинде көбөйтүүгө жетишкен.

Эксперттер “Арсеналдын” жалпы наркын 2,3 миллиард долларга баалашууда, бирок Усманов канча алары белгисиз. Financial Times менен Mirror анын акциялары 550 миллион фунт же 711 миллион доллар деп эсептешти. Клубду толугу менен сатып алуу үчүн Кронке Deutsche Bank каржы мекемесине кайрылды.

Алишер Усманов “Челси” футбол клубунун ээси Роман Абрамович сыяктуу эле Кремлге, анын ичинде Владимир Путинге жакындыгы үчүн АКШнын санкциялык тизмесине илиниши ыктымал экени кабарланган. Бирок 2018-жылы апрелде түзүлгөн тизмеге ал киргизилген эмес.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: