Menu

“Кылым шамы” уюму кыргыз армиясындагы жаш жигиттерди ур-токмокко алуу, мазактап-кордоо боюнча президентке кайрылды

Бөлүшүү:

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жоокерлердин абалына көңүл бурууга чакырды. Укук коргоочу армияда жаш аскерлер кыйноого кабылган учурлар токтой элек экенин белгилеп жатат.

Буга чейин “Кылым шамына” Кой-Таш аскер бөлүгүнүн “Ала-Тоо” полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери арыз менен кайрылышкан. Алар жетекчилик быйыл жазында армияга чакырылган жигиттерди башка бирөөлөргө жалдап бергенин, кара жумушка салганын, ур-токмокко алып, мазактап-кордогонун жана уставга жат иштерге барганын билдиришкен.

Учурда жоокерлердин бири Бишкектеги республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланууда. Бишкек гарнизондук прокуратурасы окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (“Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу”) боюнча кылмыш ишин козгогон. Башкы штаб кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: