Menu

Айыл чарбага бөлүнгөн 28 млрд. сомдун 28 тыйынын да көргөн жокпуз

Бөлүшүү:

Акыркы бир жума ичинде Кыргызстандан ташылган 125 тоннадан ашык жашылча-жемиштер артка кайтарылганын массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Буга «азыктардын фитосанитардык сертификаттары жараксыз жана талапка жооп бербейт» деген жүйөлөр келтирилди. Жергиликтүү дыйкан-фермерлер жана айыл чарба тармагындагы адистер бул үчүн өкмөттү айыптап жатышат. Айыл чарба министрлиги ишкерлер сертификат албай, өндүрүмүн экспортко өз алдынча жөнөтүп жатканын шылтоолоп чыгышты. Деги эле биздин айыл чарба тармагы, фермерлерибиздин азыркы абалы тууралуу айрым эксперттерге суроо узаттык.

Ленара Ниязбекова, “Кыргыз ленд” экспортерлор жана импортерлор кыргыз ассоциациясынын төрайымы:

– Ленара айым, өткөн жумада бизден жөнөтүлгөн жүздөн ашык тонна жашылча кайра кайтарылды. ЕАЭБге экспорт жөнөтүүдө ийгиликтерди жарата албадык го. Үзүрүн көрбөдүк го…

– Буга лабораториялар себепкер эмес. Биздин ассоциация өз долбоорубуз менен түндүк-түштүктү түрө кыдырып жатабыз. Эң негизги өзөктүү себеп – бул жерлерибиздин өтө арыктап кеткендиги жана ар кандай агрохимикаттарды туура эмес, ашыкча колдонгондук. Фермерлерибиз колуна тийген түркүн химикаттарды колдонушат. Көпчүлүгү Кытайдыкы, Орусияныкы, Түркияныкы же дагы башка, аны көзөмөлдөгөн эч ким жок. Көзөмөлдөгөнгө чейин аны колдонууну, тандоону үйрөтүү зарыл эле. Агрохимикаттардын кандайын колдонуш керек, кантип колдонуу керектиги тууралуу айыл чарба министрлиги тарабынан берилген маалымат жетишсиз.

Бизде берилген сертификаттар менен текшерген жердеги сертификаттар дал келбей калып жатат. Андан соң жашылчаларды кайтарууга мажбур болуп жатышат. Экинчиден, жөнөтүлгөн жүктөрдү туура эмес алып чыккандан да болуп жатат. Кээ бирлери 20 тонна жашылча алып кетсе, анын 15 тоннасы картошка, 5 тоннасы капуста болсо, картошкага сертификат алып, капустага албай койгон учурлар кездешет. Бирок, бир гана бул нерсе себеп эмес.

Мен түндүк-түштүктү түрө кыдырып жүрүп, талаалардан бир дагы айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүн көргөнүм жок. Фермерлер баягыдай эле өз киндиктерин өздөрү кесип тытынып жатышат.

– Кандайдыр бир деңгээлде тиешелүү министрликтердин шалаакылыгы байкалат…

– Биздин олко ЕАЭБге киргенден бери бизге болушунча жеңилдиктерди берип эле келе жатышат. Бирок интернетти ачып карасак, товар жүгүртүү боюнча биздин өлкө эң акыркы орундарда турат. Пайызы боюнча абдан аз. Экинчиден, ошол эле Орусиянын адистери «Кыргызстан ЕАЭБге киргенине карабай миграциянын аягы тыйьшбай келет» деп жазып чыгышты. Айыл чарба азыктары боюнча алып карасак, ЕАЭБдин жарыгы тийиш үчүн тиешелүү министрликтер жан үрөп иштеш керек. Мен бир фактыны мисал келтире кетсем. Биз эгемендүүлүккө ээ болгондон бери 28 млрд, сом айыл чарба министрлигине каралган. Мына биз жер-жерлерде жүрүп, анын 28 тыйынын да көргөнүбүз жок. Экинчиден, 2017-жы-лы айыл чарба министрлигине 6 млрд. 600 млн. сомдун тегерегинде каражат бөлүнгөн. Бирок, ал да жер-жерлерге жеткен жок. Биз 6 млрд. 600 млн. сомду ЕАЭБге чыгууга жумшаган болсок, анда ЕАЭБдин үзүрүн коро баШтамакпыз. Өкмөт дагы түшүнбөй жатабы же жолун таппай жатабы, жакшы жол көрсөтө албай келишет. ЕАЭБ Кыргызстанга толук эшигин ачып койду. Биздин туура эмес ой жүгүртүү, туура эмес практика, шалаакылыгыбыздан бүгүнкү күнгө чейин ЕАЭБге чыга албай жатабыз. «Тигил жакка, бул жакка чыгып жатабыз» деген калп статистиканы айтып атабыз. Мына азыр биз Москва облусунан келген Владимир Николаевич деген картошканын үрөнчүлүк чарба боюнча адаиси менен жүрөбүз. Ал айтат «бизде, Орусияда аз болсо дагы мамлекет субсидия берип жатат дейт. Европада болсо бизге салыштырмалуу коп жардам берилет» дейт. Бул жагын алып карасак, окмот дыйкандарды өгөй балдардай эле карабай таштап койду. «Жерди бөлүп бердик, ач каласыңарбы – өз көйгөйүңөр» деп койду. Эгерде стратегиялык жактан алып карасак, Кыргызстандын жери – мамлекеттин жери. Агрардык саясатты тиешелүү министрликтер жасашы керек болчу. Бул жөнүндө сунуштарыбызды киргиздик. Дыйкандар «ЕАЭБге чыгалы, бизге кайсы сортту өстүрүш керек, кандай кылышыбыз керек?» деп суусап күтүп отурушат. Бирок, экономика, айьш чарба министрликтери тиешелүү аналитика жасабай туруп кеңеш берүүгө алсыз. Сырткы рыноктун тенденциясын анализдебей кантип айтат? Ушунун үстүндө иштеген өкмөт жок. ЕАЭБге чыгууга абдан чоң мүмкүнчүлүк турса да ага чыгалбай, жашылчаларыбыз кайра кайтарылып, минтип шалаакыланып отурабыз, калп статистиканы айтып. Ушуга окшогон формалдуулуктан чыкмайынча ЕАЭБдин үзүрүн көрө албайбыз.

Тилек Токтогазиев, «Жашыл чапба – Агрохолдингинин жетекчиси:

– Айыл чарбада бизге атаандаш кошуна өлкөлөрдөн артта калып, жеңилип келебиз. Себеби эмнеде?

– Биздин өлкө менен башка коңшу өлкөлөрдү салыштыра келеек, Өзбекстандын өзүнчө жер менен иштее маданияты бар. Алардын эли 30 миллиондон ашык. Мурдатан эле жерге иштеп көнүп калышкан. Климаты да жылуураак. Январь айынын аягында эле алма бактары гүлдөгөн учурлар болот. Негизи эле аларга өкмөт тарабынан да жакшы колдоолор болуп турат.

Казакстандын да айыл чарбага жакшы көңүл бурган мыйзамдары бар. Мисалы, мен ал жакта күнөскана сапам десем, канча бир пайыз жардамдары бар. Андан тышкары жер семирткичтерди, уруктарды, ар кандай дарылар керек болуп калса жарым баасы субсидия катары берилет. Андан тышкары дагы кеп каржылоо программалары бар. Ар кандай жеңилдиктеги кредиттерди, гранттарды беришет. Технологияларды да алып келишет. Алардын өздөрүнүн олигархтары дагы айьш чарбаны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп, салымдарын кошуп турат. Эгерде анализ кылып керсек, биз климат жагынан анчалык күчтүү эмеспиз.

Каржылоо жагынан начар, өкмөтүбүз бай эмес. Өкмөттө акча эле эмес программалары, технологиялары да көңүл жубатарлык эмес.

Эгерде биз жакынкы өлкөлөргө азыктарыбызды экспорт кылабыз десек, күнөсканаларды да өнүктүрүшүбүз керек. Акыркы жылдары климатта да өзгөрүүлөр көп. Кээ бир райондордо май айларында кар жаап жиберген учурлар болот. 2015-жылдары болсо керек, Баткен районунда катуу суук болуп өрүктөрдүн баары өлүп калган. Мезгилге карабай эле аябай суук же ысык болуп кеткен учурлар көп кездешип баратат. Мындай учурда күнөсканалардын жардамы чоң. Күнөсканаларды өнүктүрүү зарыл.

– ЕАЭБге жөнөткөн тонналаган жашылчалар кайра кайтарылып жатканынын себебин эмнеде?

– Кыргызстандын ичинде дыйкандар үчүн эч кандай жакшы шарттар түзүлгөн жок. Биздин айьш чарба министрлигинде учурда беш миң адам эмгектенет. Беш миң адамга бир жылда 1 млрд, сом айлык төлөнөт. Ошол 1 млрд, сом айлык акыларына, жарым млрд, сом болсо ар кандай чыгымдарын жабууга, ремонтторуна, командировка ж.б.ларга  жумшалат. Негизи 5 миң кишинин ордуна 500 адам деле жетишмек. Электрондук түрдө кеңеш берүүчү программаларга зарылбыз.

Негизи министрликке бир эле максат коюу зарыл: программаларын ишке ашпаган бир нерселер менен толуктай бербей, кандайдыр бир деңгээлде дыйканга кемек көрсөтө ала турган долбоорлор керек. Дыйкандар маңдай терин төккөнү менен азыктарын кымбат баада саткан жок. Ортодон чыккан ортомчулар пайдасын көрүп келет. Ошон үчүн министрликтин максаты – ортомчуларды азайтыш, жаңы технологияларды алып келип, ошол технологиялар менен дыйкандарга жардам берип, иштерин жакшыртышы керек.

Азыркы учурда агродүкөндөрдү кыдырып көрө турган болсок, баарында Кытайдан келген зыяндуулугу көп жер семирткичтер, дарылар сатылат. Аны дыйкандар башаламан колдонот. Чындыгында эле бизде экологиялык таза азыктар өстүрүлүп жаткан жок. Уулуу химикаттарды чектен ашып колдонобуз. Муну моюнга алышыбыз керек. Бул дыйкандын күнөөсү эмес, биздин системанын күнөөсү.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: