Menu

Мамлекетибиз Сирияга же Афганистанга айланабы?

Бөлүшүү:

Cалтын, үрп-адатын бийик туnкаy кыргыздын патриоттору ортосунда кайым айтышуулар күч алууда. Бири-бирин соцтармактан оозго алгыс сөздөр менен каргап-шилеп аткандары да жок эмес. Эки тарапты жаакташтырбай, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымак-ырашкерликке чакырып койсо болбойбу же башкача жол менен чечиш керекпи? Ушул таризде собол таштап, кайсы бир деңгээлде жообун алдык.

Чубак ажы Жалилов, ислам аалымы:

– Кандай болгон күндө да толеранттуулукка баруубуз кажет. Нукура исламды үйрөнүүчүлөр менен кармануучуларда эч кандай проблема болуусу мүмкүн эмес. «Чала молдо дин бузар» дегендей, чала-чарпыт дин окумуш эткендер, псевдо-мусулмандардын эле колунан келет бул жаман жорук. Элдин ынтымагын бузгусу келген үчүнчү күчтөр да жөн жатышпай, учурдан пайдаланып өз аракетин көрүп жатышат. Ал эми экинчи тарапка ислам жөнүндө окуп изилденгенди сунуш кылат элем. Канткен менен Тагай бийден тартып ата-бабаларыбыз ушул динди тандап, кармап келишкен эмеспи? Бабалардын тандоосу биз үчүн кымбат, аздектүү болууга тийиш.

Анарбек Усупбаев, Кыргызстандын башкы теңирчиси:

– Бир гана жол – Теңир динин каттоодон өткөзүш керек, ошондо чыр токтойт. Мамлекет көзөмөлгө алат. Азыркынын молдоке сөрөйлөрү кыргыздын ата-бабабыздан кылымдар бою таберик болуп келаткан салт-санаасын, каадасын, үрп-адатын, санат-насыятын балталап, түп-тамырынан бери жок кылып, бизге кайнаса каны кошулгус араб кулдардыкын мажбурлоо менен киргизип атат. Ошого жан кашайып кетип атат! Өздөрү ыйык Куран китебин бурмалоо менен алек. Албетте, биз илим-билимдүү молдолор менен кыргыздын салт-санаасын сактоо боюнча бирге иш алып барсак, сонун эле болгону турат. Чубак, Абдышүкүр, Өзбек сыяктуу ашынган молдолорду тарбиялап, кынга киргизбесек, аягы жакшылыкка алып барбайт го?..

Алманбет Таап теги, кыргыз патриоту:

– Эки жактын кайым айтышуусун токтотуш үчүн Жогорку Кеңеш жактан тыюу салынышы керек. Кыргыздын каада-салтына, үрп-адатына, Манаска сөз тийгизип, шек келтиргендер жоопко тартылып, жазалансын деген ниетте. Антпесе, жанагы ашкере динчилдер, радикалдашкандар кыргызды малча айдап, башка улуттун кийимдерин кийгизип, башка идеологияны таңуулап, баарыбызды арабкулга айлантып, анысы аз келгенсип, «Манас» эпосун окугандан көрө намаз оку, кыргыздын каада-салтынан көрө дааватка чык!» деп аткан молдолордун азабынан эки ортодо ызы-чуулар чыга берет. Чубак ажы, Өзүбек ажы, Абдышүкүр ажы сымал молдокелер кыргыздын кыргызчылыгынан алыс качырып, болушунча жамандап аткандары жалганбы? Булар терең түшүнбөй туруп, «айга, күнгө, тоо-ташка сыйынышат» деп үстүртөн баа берүү менен жалган жалаа жаап келишет.

Алар өздөрүнүн иштерин башкаларга асылбай кыла берсе, кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын жамандап кыргыздын намысына шек келтирбесе, эч ким аларга тийишмек эмес. Акыркы кезде ашкере динчилдер ар тараптан амалдарды кылышып, чамынып атышат. Мечиттерди куруп атат, башка улуттун кийимин кийгизип атат. Дааватты тыйганы менен аны тымызын кылып атат. Күчөтүлгөн үн менен шаар ичи, айыл жергелерде намаз окуп атышат. Ошондуктан, мындай жат нерселерге бийлик тарабынан мечитгин ордуна спорт жай салсын, кара чүмкөнгөндөрдүн ордуна кыргыздын улуттук кийимин кийсин, дааватты катуу көзөмөл кылып, жанагы күчөтүлгөн үн менен кыйкыргандарды токтотушсун!

Баллы Төрөбеков, Апрель баатыры:

-Минтип отурсак экинчи Афганистан болобуз же Сирия болобуз! Бул мамалекеттик деңгээлде ойлоно турчу маселе. Мен өтө кооптоном. Жапжаш эле балдар чоң атадай эки-үч тал сакал коюп алышып, Пакистандын шалбыраган улуттук кийимин кийишип, кыргыз жергесинде, Улуу Кыргызга «Аллах ыраазы болсун!» деп акыл айтып киришти. Күч структуралары сөзсүз көзөмөлдү катуу күчөтүүсү керек. Обу жок эркелетпей. Улуу Кыргыздын өзүнүн улуу жолу бар, кылым карыткан тарыхы бар. Башка элдин бизге жат маданиятын таңуулай бергенге катуу турушубуз керек. Мамлекет мунун баарын өз колуна алышы зарыл. Тартип, көзөмөл, улуттук идеология – үчөөнү катуу иретке салышыбыз абзел. Ар жактын маданиятын кыргызга таңуулай бергенди токтотпосок болбойт! Кудайга шүгүр, улуттук күчтөр арабызда күндөн-күнгө көбөйүп атат. Жеке өзүм улутумдун нукура тагдыры үчүн башымды берүүгө даярмын!

Жамал Фронтбек кызы, «Мутакаллим» коомдук бирикмесинин төрайымы:

– Албетте, бул чоң көйгөй. Биз баарыбыз эле көрүп атабыз. Мусулманчылыкты туу туткандар менен теңирчилер ортосунда кайым айтышуулар жок эмес, бар. Карама-каршылыктар көп эле болуп атат. Идеологиялык жактан көз караштары бириники бирине дал келбеши турулуу иш. Кээде эки жак тең бири-бирин оозго алгыс сөздөр менен жамандап ийип атышат. Кыргыздын «Керкисинде да, кемигинде да бар» деген улуу кеби бар эмеспи, ошо сыңары, тиги жактыкы да, бу жактыкы да туура. Бирок, ошентсе да мен чакырып кетет элем, эки тарапты тең мыйзамды сыйлоого, Кыргызстандын мыйзамын урматтоого. Жазышса да, айтышса да жөн эле адыраңдай бербей, бир аз академиялык тил маданиятын сактап, илимий негизде фактыларга таянуу менен дегендей. Ошол эле учурда бизде мыйзам бар, радикалдуу ой жүгүртүп, бири-биринин тынчтыгын алып аткан адамдарга иш козголушу керек. Катуу чара көрүү негизинде. Антип ооздуктабаса болбойт.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: