Menu

Кандайсыңар, Колпоч атанын урпактары?

Бөлүшүү:

Кыргызда байыртан тарыхта из калтырып кеткен улуу инсандарын унутпай, алардын улуулугун даңазалоо менен улам кийинки муундары урпактык милдеттерин аркалап келишет. Мына ошондой улуу көчтү атактуу Колпоч атанын ушул кездеги урпактары аркалашып, баатыр мүнөз бабасына түбөлүк туруш үчүн эстелигин койдурууга шымалана киришишти. Береги сүрөттөгү Колпоч атага тургузулчу эстеликтин эскизи чиймеленди. Эми ушундай эстеликти иш жүзүнө ашырып, тургузуу үчүн Колпоч атанын урпактарынан чыккан демилгелүү инсандар бабасынын өлкөбүздүн туш тарабында жашаган укум-тукумдарын жана жалпы эле демилгени колдоого алчу эл уулдарын чогултуп, марафон уюштурууга белсеништи. Марафон баш калаабыздагы «Манас» кинотеатрында 12-август күнү саат 10:00дон 13:00 гө чейин өткөнү туру. Уюштуруучулар жалпы ага-туугандарынын баарысын бул иш-чарага активдүү катышып, демилгени жабыла колдоп берүүгө чакырышат. Мындайда «Маркумдарды көп эстебейт экенбиз, анан кантип ар тилекке жетебиз?» деген ыр саптар эске түшөт. Кудай, арбак үчүн ушундай изги иштин башталышынын өзү эле кандай жакшы жышаан. Эмесе, кайдыгер эмес активдүү жарандарыбыз менен Колпоч атанын урпактары бул ишке олуттуу көңүл буруп, демилгени жалпы жабыла колдоп беришет деген ниеттебиз.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: