Menu

Бишкектеги жардыруу боюнча кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Бишкектеги Исанов көчөсүндө 10-августта орун алган жардыруу боюнча “адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди.

Анын айтымында, милиция бул кылмышка шектүүлөрдү ыкчам издөө ишин жүргүзүп жатат. Азырынча кылмышка шектүүлөр кармала элек.

10-августта Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында жарылуу болгон. Бул орусиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салуу болушу мүмкүн экени айтылган.

Интернетте окуя болгон үйдүн байкоо камерасына тартылган тасма тарады. Анда ал үйгө орусиялык ишкер Александр Гайдуковго түспөлдөш адам эки-үч кишинин коштоосунда кирип келе жатканда жанындагы көчөткө илинген белгисиз зат жарылганын көрүүгө болот.

Андан Гайдуков жеңил жараат алган. 47 жаштагы Орусиянын жараны Александр Гайдуков Бишкекте “НС Информ Консалтинг», «BISHKEK-EXPO» жана «Кей суппро» аттуу үч ишкананын түзүүчүсү экени белгилүү болгон.

Бул адамга былтыр да дал ушул үйдүн алдында кол салуу болуп, бирок кылмыштын бети ачылган эмес.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: