– Митингчилер Ак үйдү басып алышты. Атамбаевди жана Садыр Жапаровду бошотушту. Парламент жок. Президент унчукпайт. Премьер-министр дагы. Ак үйдү басып алгандардын басымдуу бөлүгү -жаштар, алардын арасында саясатчылар болгон жок.
Эң башкысы, азыр анархиянын, мыйзамсыздыктын, каракчылыктын, өзүн өзү билүүнүн, саясий каршылаштарынан физикалык жактан өч алуунун орношуна жол бербөө керек. Бирок мындай нерселер болгонун айтып жатышат.
Биз бүткүл дүйнөгө бийик саясий маданияттын, бийликти өткөрүп берүү боюнча маселени мыйзам чегинде чечкен цивилизациянын үлгүсүн көрсөтүшүбүз керек. Болбосо өлкөнү башаламандыктын жана хаостун чеңгелине салып беребиз…
Булак: “Майдан.кж”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ