Menu

Ким кандай талисманга ишенет?

Бөлүшүү:

Шерон Стоун. Чычкандын бутунан жасалган брошка

Голливуддун айымдарынын ичинен эң акылдуусу Шерон Стоун чычкандын бутунан жасалган брошкасын көптөгөн кечелерге тагынып жүргөнүн байкасаңыз керек. Актрисанын тарыхка кызыккандыгынанбы орто кылымда шотландияда чычкандын бутунан жасалган буюм, теримдер ийгилик алып келээри жазылганын айтып, талисман катары колдонуп келет.

Кевин Костнер. Чаплиндин таягы

Кевин Костнердин талисманы бул күлкүнүн королу Чарли Чаплиндин таягы. Актёр бул таякты аукциондон сатып алгандан бери ийгилик коштой баштайт. Жаңы тасмаларга көп чакырууларды алып, гонорары да кыйла жогорулаган. Мунун уккандар Чаплиндин таягын сатып алабыз деп көп кайрылышкан. Кээ бирлери көп суммадагы акча сунуштаганда да Кевин баш тарткан. Аларга актёр “муну менен мен өзүмдүн ийгилигимди саткандай болом”- деп кана баш чайкаган.

Клинт Иствуд. Чочко акча топтогуч

Жан-жаныбарлардын энергиясына Клинт да катуу ишенээрин анын күмүштөн жасалган чочко келбетиндеги копилканы талисман тутканы айтып турат. Голливуд актеру жана режиссёр жакырчылыктан абдан коркооорун, бул сезим бала чакта кыйын кырдаалда жашап, атасы улам жумуш издеген кайгылуу күндөрүнүн бир тагы деп түшүндүрөт.

Деми Мур. Мерлин Монронун упасы

Деми Мур бир жолу аукциондон легендарлуу актриса Мерлин Монронун упасын сатып алган. Мына ошол күндөн бери аны сумкасынан түшүрбөй кайда барса жанына алып жүрөт.

Актриса берген бир интервьюсунда буларга токтолгон. “Мен ушул упаны алгандан тарта баш айланткан ийгиликтерге жеттим жана жаштыгымды сактап калган күч таптым” – дейт. Чынында эле күзүлүү упанын кандайдыр бир касиети Деми Мурга таасир эттиби же пластикалык хирургиянын күчүбү, айтор актриса өзүнүн жашынан 20 жаштай жаш көрүнөөрү анык.

Мадонна. Булбулдун айкели

Мадонна чоподон жасалган булбулдун айкелин талисман тутаарын айтат. Бул айкелди Мадонна ырчылык сапарга там-тум кадам шилтеп калганда индиялык бир шамандан сатып алган. Албетте, Мадонна популярдуулукка таланты жана өзүнүн иштермандыгы менен жетти, бирок ырчы өзү талисманымдын да касиети күч болду деп айткандары бар. Ошондой эле Мадонна бул талисманын эч кимге карматпайт.

Камерон Диас. Күлгүн түстөгү стринги

Күлгүн өңдөгү стринги актрисага мектептеги кезден баштап эле талисман болуп келээри айтылат. Талисмандын окуясы мындайча башталыптыр. Камерон мектептин бүтүрүү кечесинде классындагы эң сулуу кыздын жигитин тартып алууну көздөйт. Ал бул үчүн атайлап күлгүн өңдөгү стринги сатып алып аны кайсы бир кара дуба менен дубалатат. Ошол күндөн тарта күлгүн стрингини кийгенде эле Диастын махабат майданында ар дайым жеңиштер коштолуп келээрин актриса тартынбай эле айтып келет.

Леди Гага. Жеңесинин кыска шымы

Эпатаждуу Леди Гага “Мага ийгиликтерди Жоанна аттуу жеңекемдин кыска шымынын касиети менен келет. Чыгармачылыктагы жетишкендиктеримдин, ийгиликтеримдин баары Жоанна жеңеме байланыштуу. Тилекке каршы ал азыр жок жанымда. Бирок анын жаны мени айланчыктап учуп жүрөт”- дейт. Жеңекесинин жаны учуп жүргөнүн сезгени барбы, жокпу айтор анын кыска шымын талисман катары ыйык тутат экен.

Фериде Ханум

Булак: «Тамчы»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: