Бүгүн, 30-август күнү КРнын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык КР Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү, 31 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
КР УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 272 млн. 815 миң 287 сомду түздү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ