Атамбаев заманынын аяктап бараткан чагында АША Бабановду Кыргызстандан кубалап жиберип, анан сооротуучу приз катары парламенттин спикери кызматын таластык Дастан Жумабековго, вице-премьер кызматын Даир Кеникеевге бергенде “оо, таластыктарга оомат келди!” деп күпүлдөшкөндөр болду эле.
Анан эле Сооронбай Жээнбековдун заманы орноп, Зилалиев, Кеникеев кызматтарынан шыпырылып, эми Дастан Жумабековдун тагдыры таразада туруп калды.
Спикерлик кызмат Чүй кланына ыйгарылып, ага Иса Өмүркулов конот экен. Ошондо спикер Чүйдөн, УКМКнын төрагасы Чүйдөн, ИИМ министри Чүйдөн болуп оомат ооп кетип жатыптыр.
Талас кланын такыр эле таарынтпаш үчүн сооротуучу сыйлык катары – Болот Отунбаевге президенттик аппараттын жетекчиси кызматы сунушталып жаткан экен.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ