2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча 2014-жылы 25-июлда 20 жылга эркинен ажыратылып, N47-абакта олтурган Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Мурат Суталинов бир жума мурун түрмөдөн Улуттук онкология борборуна чыгарылды. Бул тууралу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Мурат Суталиновдун бөйрөгүндө рак оорусу болгондуктан азыр экинчи жолу химиотерапия курсун алып дарыланууда. Мурун бир бөйрөгү операция жолу менен алынып салынган. Азыр экинчи бөйрөгү дарыланууда. Ооруканадан кайра абакка качан которулары али белгисиз дейт ЖАМКнын басма сөз кызматы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ