Menu

Дайырбек Орунбеков, журналист: “Алмаз Атамбаев, колуңда бийлигиң бар, бирок адилеттигиң, айкөлдүгүң жок алсыз президентсиң!”

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев менен соттошуп жүргөн журналист Дайырбек Орунбеков бүгүн өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу төмөнкүдөй билдирүү таратты:

“Бүгүн,  24-июнда Аламүдүн райондук сот аткаруучулары Атамбаевдин төгүлүп калган абийирин калыбына келтирүү үчүн мени милдеттендирген 2 000 000 сом жана Атамбаев Алмаздан кечирим суроо чечимин аткарбай жатат деп, Октябрь РИИБне мага карата кылмыш ишин козгоп, жазага тартуу сунушун берди. Сот аткаруучу Талант Нурматов менин банк эсебимди, мүлкүмдү баарын текшерип чыккан. Жана төлөй турган шартым жок экенинен толук маалымат алып, жашаган үйүмдөгү буюмдарымды да эсептеп чыккан. Бирок, “атайын төлөөдөн баш тартып, чечимди аткарбай жатат” деп кылмыш козголсун деди. Бирок, мен соттун чечимин аткаруудан баш тарткан жокмун, мүмкүнчүлүккө жараша аткарууга макулмун деп түшүнүк кат дагы жазып бергемин. Мындай шартта, сот аткаруучулар ишти артка кайтарып бериши керек болчу. Мыйзамдуу каралган жагдайда. Бирок, меники саясий буюртма болгондуктан мыйзамдар тебеленип, Атамбаев Алмастын каалоосун аткаргысы келип жатышат. Сот аткаруучуларга Акүйдөн басым болуп жатканынан да кабардар болдум, алар мойнунан байлангандай ыргылжың, аргасыз кылмыш козгоо сунушун берип жаткандыктарын билдим. Алар ачык эле Акүйдөн кысып жатканын айтышты. Атамбаев Алмаз, карыган ата энемдин, кичинекей баламдын ырыскысына суук колуңду салып, ачкөздүк, адилетсиздик менен мага кысым кылып жатасың. Себеби колуңда бийлигиң бар. Бирок, адилеттигиң, айкөлдүгүн жок арсыз, алсыз баскынчы президентсиң!”

Дайырбек Орунбеков, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: