Menu

Жанар Акаев, депутат: «Азыр чет өлкөлөрдө өӊчөй аткаминерлердин балдары окуп, Кыргызстанды уятка калтырып жатышат»

Бөлүшүү:

Жыл сайын чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары Кыргызстан үчүн көптөгөн окуу квоталарын бөлөт. Ал жакка татыктуу жаштарды жиберүү керек. Бирок, ал орундар калыс бөлүнбөй, жогору жак менен байланышы барлар гана алат. Өкмөт бул маселеге өзгөчө көӊүл буруп, окуу квоталарын бөлүү жаатында акыйкаттыкты орнотушу керек. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Мен окуу квоталарын бөлүү маселесин Билим берүү жана илим министрлиги эле жайгарат деп ойлоп келгем. Көрсө, ага Тышкы иштер министрлиги, чет өлкөдөгү элчилер да аралашат экен. Мисалы, Венгрия быйыл квота бөлө турганы белгилүү болду. Ал окуу жайларына кимдердин балдары барып окуйт? Аларды азыртан кулактандырып коюу керек. Азыр чет өлкөлөрдө өӊчөй аткаминерлердин балдары окуп, Кыргызстанды уятка калтырып жатышат», – дейт депутат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: