Menu

“Аслан Сартбаев ичке бирди жегенден кийин өзөрүп, деми чыкпай, купкуу болуп олтуруп калды”

Бөлүшүү:

Аслан Сартбаев деген жазмакер жигитти жөнү жок сабашкандар мыйзам алдында жооп бериши керек. “Калп жазасың, ушак жазасың” деп эле сабап, күч көрсөтүү туура эмес да. Мисалы, азыр бизге Ички иштер министринин орун басары, генерал Курсан Асанов Асланды ичке өзөртө койгонун көргөндөр айтып беришип эске салышты. Буга чейин биз Аслан тараптын версиясын жарыялаган элек, эми экинчи тараптын версиясын уктук.

Кафеде Азиз Турсунбаев, Рустам Маманов анан Аслан олтурган экен анан Азиз менен Рустамды көрүп басып келген Курсан Асановго бул Аслан Сартбаев деп тааныштырганда эле генерал ачуусу менен Асланды ичке өзөртө уруп, “тарса-турса” сабап салыптыр. Бул туура эмес да. Аслан байкуш бозоруп, дем алалбай өң алеттен кетип, купкуу болуп, сүйлөй албай  олтуруп калган. Генералдын муштуму оңой эмес да. Ушинтип эле алсызын алдуулар баса калып ура берсе бул эмне деген заман…  Көрсө генералдын таарынганы Аслан чыгарган маалыматтар менен бир аз этиканы бузган фотоколлаж экен. Бирок урганга ким уруксат берди?  Ага чейин Мамкаттоо кызматынын экс-жетекчилеринин бири да Аслан менен чырдаша кетип, “мага тапанча такады” деп каматып салып куугунтуктап шорун кайнаткан эле. Эмне жазмакерлерди эле ушинтип кесиби үчүн куугунтуктай бериш керекпи? Бул туура эмес. Мыйзам баарына бирдей болуш керек.

Анан “жараштырабыз” деп Асланды ээрчитип барышып, Курсан Асановдун колуна салып берип сабаткан Азиз Турсунбаев менен Рустам Мамановдорго жол болсун. Ээрчитип барышкандан кийин коргош керек эле да. Көргөндөрдүн айтымында кой-ай дегенге жарашпаптыр. Унчукпай олтуруп беришиптир. Күчтүү болушса күчүн Курсан Асановдон чыгарышпайт беле.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: