Menu

Тажик мигранттары: полиция бөлүмүндө бизди тамак-аш, суусуз бир сутка кармашты

Бөлүшүү:

Орусиянын Мытищи шаарында иштеген 18 тажик мигранты полициячылар аларды бир сутка бою тамак-аш, суусуз камаганына, алардын катышуусуз өткөн сот мигранттарды депортациялоо чечимин чыгарганына арызданышты.

Тажик мигранттары соттун чечимин жокко чыгарууну жана моралдык зыян үчүн компенсация төлөөнү сурашууда.

Тажик мигранттары 9-августта кармалган жана сот чечими али күчүнө кире элек.

39 жаштагы Шодмонбек Жомиев “Азаттыктын” тажик кызматына берген маегинде Орусияда 5 жыл жүрүүгө уруксат берген бардык документтери болгонун, бирок Федералдык миграция кызматкерлери менен полиция ага такыр көңүл бөлбөгөнүн айтты. Анын билдиришинче, алгач 30 киши кармалып, кийинчерээк алардын ичинен 12си бошотулган.

Калган 18 кишини бир сутка бою камашып, депортация тууралуу чечим чыккан соң коё беришкен.

Шодмонбек Жомиев полициячылар аларды курулуп бүтө элек имаратка алып барышып, колдоруна күрөк карматып, андан сон камерага тартып алышканын билдирди.

«Бул кандайдыр бир оюн болгон. Биздин мыйзамсыз иштеп жатканыбызды ушундай жол менен далилдегилери келген. Биз каршылык көрсөтө алган жокпуз, себеби алар куралдарын алып чыгып коркутушту», – деди ал.

Мигранттардын адвокаты Каримжон Ёров чечимди жокко чыгаруу боюнча сотко барышканын, эгер талап орундалбаса, прокуратурага кайрылышарын айтты.

Тажикстан Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү бул ишти тыкыр көзөмөлгө алганын маалымдады.

Мытищи шаарынын полиция өкүлү кармалган жарандардын патент жана Орусияда жүрүү боюнча документтеринде маселелер болгонун айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: