Menu

Беларуста окуган чет өлкөлүктөрдүн саны боюнча түркмөн жарандары биринчи орунда

Бөлүшүү:

Беларустун Билим берүү министрлиги өлкөгө келип билим алган чет өлкөлүктөр көбөйгөнүн билдирди. «Мир 24» телеканалы кабарлагандай, чет жактан келип окуган студенттердин саны боюнча Түркмөнстан биринчи, Кытай экинчи жана Орусия үчүнчү орунда турат.

Маалыматка караганда, Беларуска жалпысынан жүздөн ашык өлкөнүн жарандары барып билим алышат. Быйыл жогорку окуу жайларга 50 миңден ашык абитуриент тапшырса, алардын дээрлик жарымын Беларус жарандары түзөт.

«Мир 24» телеканалынын билдирүүсүндө белгиленгендей, студенттердин өзүлөрү Беларусту коопсуздуктун жогорку деңгээли жана билим алуу акысынын кымбат эместигине карап тандашканын айтышкан.

Белстаттын былтыр жарыяланган маалыматына ылайык, 2016-2017-окуу жылында Беларустун жогорку окуу жайларындагы чет өлкөлүк студенттердин 50%, же 15 126 студенттин 7 911ин түркмөнстандыктар түзүшкөн.

Көз карандысыз маалымат булактары кабарлагандай, 2017-2018-окуу жылында түркмөнстандык студенттер баарынан Орусияда (15 000), андан кийин Түркияда (12 247) көп окушкан.

Жыл сайын Түркмөнстандагы орто мектептерди 100 миңге жакын окуучу аяктаса, өлкөдөгү жогорку окуу жайлар болгону 8 миңден бир аз гана ашык абитуриентти кабыл алат.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: