Menu

Анархисттер аялдарды кантип улутташтыргылары келген?

Бөлүшүү:

Өткөн кылымдагы Октябрь революциясынан кийин «болылевиктер үй-бүлөнү жоюп, аялдарды да жалпылаштырышат экен». «Бул сенин аялың, бул менин аялым деп бөлбөй, баары ортодо болот экен» деген сыяктуу тири шумдук сөздөр тараган. Үй-бүлөнү ыйык санаган кишилер мындай маалыматты терс кабыл алышып, жаңы бийликтин душмандары кескин көбөйө түшкөнү да белгилүү. Бирок,чындыгында бул идея большевиктерге эмес, анархисттерге таандык. Алар мамлекеттик институттарды гана эмес, коомдук институттарды да тааныбай, үй-бүлөгө аялдардын укугу менен эркиндиктерин чектөөнүн бир формасы катары карашчу. Ошондуктан, россиялык анархистгер да европалык кээ бир эркин ойчулдардай келечекте салттуу үй-бүлө жоголот, аялдар баарына бирдей таандык болуп калат деп эсептешкен.

Бирок, анархисттердин арасында да жыныстардын карым-катнашы жөнүндөгү маселеде бирдей көз караш өкүм сүргөн деп айтуу кыйын. Алардын бир бөлүгү сүйүү эркин болушу керек деп эсептешсе, дагы бир даары аялдарды бузукулукка түртүү сексуалдык эзүүнүн эле бир түрү деп эсептешкен. Мисалы, Михаил Бакунин (1814-1876-жж.) өзүнүн философиялык эмгектеринде “мамлекеттин ордуна тең укуктуу адамдардын өзүн-өзү башкаруучу коомдору келип, алардын арасында бир адамдын экинчи адамга эч кандай көз карандылыгы болбоого тийиш” деп жазган.

Анархисттер “алыекы келечекте ар кандай индивиддин сексуалдык талабы эркин канаатгандырылууга тийиш, нике – бул эскинин саркындысы” деп эсептешкен, аялдарды үй-бүлөлүк эзүүдөн арылтуу тууралуу кыялданышкан. Алардын ою боюнча, нике – бул сойкулуктун мыйзамдаштырылган түрү, себеби, аялзатынын өкүлдөрү өзүнүн күйөөлөрү менен социалдык көз караштан, өзүн жана балдарын бага албаганынан улам гана жашоого аргасыз.

Мисалы, философ Вениамин Проппер өзүнүн 1906-жылы чыккан «Анархиялык индивидуализм» аттуу китебинде үй-бүлөнү «жүк ташуучу жаныбардын күң менен таңкалычтуу кошулуусу» катары мүнөздөгөн. Ал диний жана жарандык никени четке кагып, аял менен эркектин жыныстык мамилелерин ыйык нерсеге айлантпоого чакырган.

Пананархизмдин негиздөөчүлөрү, бир тууган Аба жана Вольф Гординдер да XX кылымда аялдар «күңгө, жөн гана төрөй турган ургаачыга, өндүрүш куральша, керектөөнүн предметине айланып калышкандарын» белгилешип, аялзатын үй-бүлөлүк тираниядан бошотууга чакырышкан. Алардын ою боюн-ча, кандай жашоону, ким менен жашоону аялдар өздөрү чечүүгө тийиш.

Даты бир белгилүү анархист Аполлон Карелин (1863-1926-жж.) “аялдарды никеге туруу зарылдыгынан социалдык-экономикалык ыкмалар менен куткарса болот” деген пикирди айткан. Анын оюнча, аялзатына  жер участокторун бериш керек. Ошондо алар эркектерге көз каранды болбой калат. Демек, ага үй-бүлө да керек болбойт.

1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин анархисттердин көбү өздөрүнүн «аялдар жалпыга таандык» деген идеясын ишке ашырууга киришип, падышалык самодержавия менен кошо эскилиги жеткен нике институту да жоголушу керек деп чыгышат. Москвада «Россиялык кыздар менен аялдарды жалпылаштыруу тууралуу декрет» басылып, аны дубалдарга, үйлөрдүн бооруна чаптап чыгышат. 19 параграфтан турган бул декретте 17-32 жаштагы аялдар «жалпы элдин байлыгы (менчиги). Аларды пайдаланууну каалаган эркектер анархисттердин Москвадагы эркин ассоциациясына кайрылуулары керек» деп жарыяланган.

Мануфактуралык дүкөндүн ээси Мартын Хватов Сокольникидеги өзүнүн үйүн «Коммунарлардын сүйүү сарайы» деп этап, адегенде жашай турган жери жок аялдарды чогултат. Анан алар менен көңүл ачкысы келген эркектерден акча ала баштайт.

1918-жылы июнда большвиктер Хватовду соттошот. Бирок, РКП (б) БКнын мүчөсү, эркек менен аялдын ортосундагы эркин сүйүү үчүн күрөшкөн Александра Коллонтай (1872-1952) аны колдоп чыкандыктан, сот Хватовду актайт. Бирок, «Коммунарлардын сүйүү сарайы» жабылып, сутенерлук менен тапкан акчалары конфискацияланат. Эртеси күнү аны өз дүкөнүндө өлтүрүп кетишет. Бул кылмыш үчүн жоопкерчиликти анын сексуалдык көз караштарына макул болбогон анархисттер тобу өз моюндарына алышкан. «Россиялык кыздар менен аялдарды жалпылаштыруу тууралуу декрет» – бул анархизм идеяларын жек көрсөтүүчү парнографиялык пасквил» деп айтылат алар тараткан прокламацияда. Бирок, Хватовдун демилгесин уланткандар андан кийин деле коп болду.

1918-жылы 28-февралда Саратовдо «Аялдарды социализациялоо тууралуу декрет» жарыяланат. Хватовдун декретинен бир гана айырмасы – ал беш, же андан коп баласы бар аялдарды  социализациялоо туралуу декрет» жарыяланат. Хватовдун декретинен бир гана айырмасы – ал беш, же андан көп баласы бар аялдарды сексуалдык милдеттерден бошоткон. Бул декреттин автору Саратовдогу ашканынын ээси Михаил Уваров болуп чыгат. Аны окуганда өздөрүнүн кыздарынын, карындаштарынын, аялдарынын тагдырына тынчсызданган эркектер ызы-чуу түшүп эле жатып калышат. 1918-жылы мартта 20 анархист чогулуп келип, Уваровдун ашканасын талкалашат, өзүн болсо өлтүрүп салышат. Себеби, саратовдук анархисттер аны өздөрүнүн партиясынын эл арасындагы кадыр-баркын кетирүүгө аракет кылган провокатор деп табышат.

«Аялдарды социализациялоо тууралуу декрет» «Уфимская жизнь», «Вятский край», «Владимировские вести» сьшктуу гезиттерде басылып, Владимирде кыздар 18 жаштан тарта улутташтырыларын жар салышкан. Күйөөгө тийе элек кыздардын баары катталууга тийиш экенин айтышып, катгалбагандар катуу жазага кириптер болорун эскертишкен.

Чынын айтыш керек, совет бийлиги мындай адепсиз иштерди токтотуп, тыя алды. Бирок, ошого карабастан, адегенде ак гвардиячылар, андан соң коллективдештирүүнүн душмандары коммунисттерди жаманатты кьшыш үчүн эл арасына жалган ушактарды таратышкан. Мисалы, дыйкандарды «колхоз түзүлсө аялдарыңар да жалпы болот» деп коркутушчу.

Интернет булактарынан

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: