Кытай аскерлери акыркы үч жылда бомбалоочу учактардын катышуусундагы машыгууларды тез-тез өткөрүүүдө. Кошмо Штаттардын Коргоо министрлиги бул АКШ жана анын өнөктөштөрүнө сокуу урууга даярдык болушу мүмкүн деген бүтүмгө келди.
Баяндама Пентагондун сайтында жарыяланды. Анда Кытай армиясы алыс жайгашкан бутаны жок кылуу үчүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жатканы айтылат. Кытай АКШнын Тынч океандагы базаларына сокку урууга үйрөнүү үчүн татаал деңиз тилкелеринде дагы машыгууларды өткөрүп жатканы белгиленген.
Пекин быйыл майда өзөктүк курал жеткирүүгө кудуреттүү стратегиялык бомбалоо учактарын Түштүк-Корея деңизиндеги талаштуу аралга жөнөткөн.
Кытай менен АКШнын мамилеси соода согушунан улам курчуп кетти. Ушул айдын аягына чейин тараптар Вашингтондо экономикалык мамилелерди талкуулашары күтүлүүдө.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ