Ооган талибдеринин өкүлдөрү кийинки айда Москвада өтө турган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышканы жатышат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 21-августта билдирди.
Анын айтымында, Орусия “Талибан” кыймылын 4-сентябрга пландалып жаткан жолугушууга чакырды жана алгачкы алган жообу оң болду.
– Биз талибдер менен байланышып турарыбызды эч убакта жашырган эмеспиз. Алар ооган коомунун бир бөлүгү, – деди Лавров.
Ооганстандын Орусиядагы элчиси Абдул Каюм Кучай “Талибан” кыймылынын бул сүйлөшүүлөргө катышуу ыктымалдуулугун колдоду.
Орусия ТИМи сүйлөшүүлөргө ондогон өлкөлөрдү, анын ичинде Кошмо Штаттарды да чакырганын билдирди. “Интерфакс” агенттиги АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысына шилтеме берүү менен Кошмо Штаттар жолугушууга катышууга ниеттенбегенин жазды.
Буга чейин ооган бийлиги “Талибан” кыймылын түз тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого чакырган. Бирок талибдер бул сунуштан баш тартып, түз сүйлөшүүлөргө Кошмо Штаттарды үндөгөн.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ