Кыргызстанда бир сутка ичинде 45 адам пневмониядан каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, республика боюнча 23 адам, Бишкекте 22 жаран пневмониядан каза болду.
Маалыматка ылайык, март айынан бери өлкө боюнча 497 адам өпкөнүн сезгенүүсүнөн улам көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ