Menu

Ашхабад бийлиги азык-түлүк дүкөндөрүнө «көзөмөлдү» күчөттү

Бөлүшүү:

Ашхабаддын бийлиги шаардагы азык-түлүк дүкөндөрүнүн ишмердүүлүгүнө карата көзөмөлдү күчөттү. Ошол эле маалда жеке дүкөн ээлери полициячылар акча талап кылган учурлар көбөйгөнүн айтышууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

«17-август кечинде полиция «Мир» кичи районунда үйлөрдүн алдын токтотулган унаалардан тазалап жүрүштү. Бул көрүнүш эртеси дагы кайталанды, Көрсө аймакты калаа башчы өзү текшерип жүрүптүр. Жыйынтыгында унаалардан тышкары мамлекеттик жана жеке дүкөндөрдүн алдындагы жер-жемиш салынган кутулар менен бакча өсүмдүктөрүн дагы алуу тапшырмасы берилген», — деп жазды басылма.

«Азаттык» бул талаптар боюнча бийлик өкүлдөрүнөн комментарий ала алган жок.

Ал ортодо жеке дүкөндөрдүн ээлери акыркы кездери полиция жана өрт өчүрүү кызматкерлери акча талап кылган учурлар көбөйгөнүн билдиришүүдө.

«Полициячылар жеке дүкөндөрдүн бирине келип, ээсин чакырышты. Андан соң менин көзүмчө жер-жемиштерди кире бериште түшүрүп жатканын айтып, акча талап кылышты. Эгер бербесең бир кутусун алып кетебиз деп коркутушту. Дүкөн ээси бул талапка баш ийбей койгон соң, алар колун кайрып, полиция бөлүмүнө алып кетип кала жаздашты», — деп билдирген 16-августта Азаттыктын кабарчысы. Анын айтымында, жыйынтыгында полициячылар ал дүкөндөн бир нече дарбыз, коон жана бир куту помидор алып кетишкен.

Мындай текшерүүлөр өлкөдө азык-түлүк кымбаттап, мамлекеттик дүкөндөрдө кезек күткөндөр көбөйгөн учурда болууда.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: