Menu

Гонконгдо нааразылык акциянын 50 катышуучусу кармалды

Бөлүшүү:

Жекшемби күнү Гонконгдо тыюу салынган нааразылык жүрүштүн 50 катышуучусу кармалды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жергиликтүү полицияга шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, полиция кызматкерлери күтүүсүз башталган башаламандыктан улам жүрүштү үзгүлтүккө учуратып, катышуучуларга карата көздөн жаш агызчу газ колдонушту.

28-июнда Кытай парламентинин туруктуу комитети Гонконгдун коопсуздугуна байланышкан талаштуу мыйзам долбоорун карай баштады. Талкуу эки күнгө созулат. Эгер документ кабыл алынса, Гонконгдун Кытайдан бөлүнүүсүн жактагандар, мамлекеттик бийликке баш ийбегендер, чет өлкөлүк күчтөр менен байланышта болгондор кылмыш жоопкерчилигине тартыла баштайт. Эл аралык байкоочулар бул мыйзам менен Бээжиндин аймактагы укуругу узара турганын белгилешүүдө.

1-июлда жергиликтүү тургундар Улуу Британия Гонконгду өзгөчө укуктарга ээ, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайдын карамагына өткөрүп бергендигинин 23 жылдыгын белгилегени турушат. Полиция коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөр бар экенин айтып, тургундардын бул күнү жүрүш өткөрүүгө берген арызын канааттандырган жок. Гонконгду Кытайдын башкаруусуна өткөрүп берүү тууралуу Лондон менен Бээжиндин ортосундагы макулдашууга ылайык, Гонконгдун тургундарына 2047-жылга чейин сөз эркиндиги, жыйындарга чогулуп өз оюн эркин айтуу сыяктуу бир катар атайын укуктар кепилденген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: