Menu

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевге Кайрылуу: Уулумдун өлүмүнө шектүү милициянын майору Жыргалбек Борбодоевге эч кимдин алы жетпейби?

Бөлүшүү:

Урматтуу Дамир Казакович!

Атаңдай болгон, арыз-арманы ичине толгон мендей карыянын кайрылуусуна беш мүнөт убактыңды бөлүп койчу, айланайын, суранам?! Менин айла кетип өзүңө кайрылуумдун себеби, 1968-жылы туулган уулум Бакытбек Мукашовду 2016-жылдын 23-октябрь күнү кечинде үйүнөн милициянын кызматкери Жыргалбек Борбодоев аттуу эрен салып кеткен боюнча киши колдуу болуп өлтүрүлгөн сөөгү эки күндөн соң, 25-октябрда баш калаадагы ГЭС-2 суусунан табылды. Ошондон бери эки жыл өттү. Арызданып, даттанып барбаган жерим калган жок. Башкы прокуратура баш болуп, УКМК менен ИИМи төш болуп, бул ишти кайра-кайра биздин арызыбыздан улам карашып, иш козгошкону менен «бармак басты, көз кысты» кылып, жаап коюп жатышат. Бул аралыкта аталган органдарга бир нече ирет арызданганым менен укук коргоо органдарыбыздын эшигинен төрүнө чейин коррупция ээлеп алыптыр. Аргам кеткенде ушундай жыйынтыкка келдим. Көрсө, биздин күч органдарыбыз биздей карапайым, арыз-муңу ичине толгон адамдардын укугун эмес, милициядагы Жыргалбек Борбодоевге окшогон баскан изинен көз көрүнө шек жаратып, «кой терисин жамынган карышкырдын» образын жараткан, кызматына, акчасына артын такагандардын укугун коргоону адатка айландырышканбы? Менин көзүм «карга карганын көзүн чокубасына» толугу менен жетти. Андыктан, менин уулума шектүү ИИМде иштеген милиционер Жыргалбек Борбодоевдин үстүнөн буга чейинкидей эле ИИМге, УКМКга, башкы прокуратурага кайра-кайра арыз  жазганым менен эч бир натыйжасы болбосуна көзүм жетти. Анткени, аталган органдар тергөөнү улам бирине жөнөтүшүп, мышык-чычкан ойноткондой мени дагы да ойното берчүдөн экен. Бүгүн менин ИИМдин, УКМКнын, башкы прокуратура менен судмедэксперттердин капканына түшкөнүмө 677 күн болду. Аргам кетти. Милиционер Жыргалбек Борбодоев бүгүн жалгыз гана ИИМдин эрке баласы эмес, УКМКнын, башкы прокуратуранын, суд-медэкспертизанын, керек болсо тагдырдын «эрке баласы» экен. Ошондуктан, бул эргулга президент экөөңөрдүн алыңар жетээр бекен деп өзүңө кайрылууга аргасыз болуп калдым.

Урматтуу Дамир Казакович!

Ушул ишти өз көзөмөлүңө алып, беш мүнөттүк убактыңды бөлүп койчу, суранам?! Мендей уулунун өлүмүнөн күйүткө баткан аксакалды президенке он мүнөткө болсо да жолуктуруп, куру дегенде ушул ишти өлкө башчысына кабардар кылып койсоңуз. Мен силерден бийлик же акча сурабайм, болгону ал киши тез арада тиешелүү органдарга тапшырма берип, ишти акыйкат каратып, шек жараткан күнөөлүүлөрдү жазалатып беришиңерди өтүнөм. Чыныгы кылмышкерлер жазаланганда гана көксөөм сууйт эле. Эки жылдан бери адилеттүүлүк издеп жү-рүп ден соолугумдан ажырадым. Каражат жагынан кыйналып да кеттим. Дамир балам, мени өзүң кабыл алсаң, иштин чоо-жайын толук түшүндүрүп берет элем. Аргам кеткенде өзүңө кайрылганга аргасыз болдум. Суранам, биртике убактыңды аябачы, батамды берейин, ишти акыйкат каратып берчи?

Ат-Башы районунун 76 жаштагы тургуну Султан Мукашов (телефону: 0700-49-22-83)

Булак: «Азия ньюс»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: