Menu

Биз өлкөбүздөн, мекенибизден ишеничти жоготтук

Бөлүшүү:

Бурулайдын өлүмү баарыбыздын жүрөгүбүздү сыздатты. Алакачуунун курмандыгы болду. Кайран кыз гүлдөй болуп ачылып келе жаткан кезинде жайрап калды. Атасы акыйкаттык таппай алдастап турат.

«Комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дагы кызымдын денесиндеги жазууну жокко чыгарды. Эксперттер мурункудай эле сөөктө мындай жазуу болбогонун, бир гана сол көкүрөгүндө жандандыруу учурунда колдонулган дефибриллятордун изи калган деген жыйынтык чыгарып коюшуптур. Бул жерде эксперттер милицияны колдоп жатат. Чындык издеп чарчадым. Сүрөттө «н»,«+» деген жазуулар даана көрүнүп турбайбы же аны мен өзүм тартып койдумбу? Үтүктүн изи кантип эле ушундай болсун. Ошол күнү милиция бөлүмүндөгү видеокамерадагы видеолор дагы жок, өчүп калыптыр. Кантип эле? Экспертизанын жыйынтыгына «макул эмесмин» деп кол коюп бердим. Айланамда акыйкат жок. Кайда, кимге кайрыларымды билбей калдым» деп Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев массалык маалымат каражаттарына айтып чыкты.

Акыйкаттык, чындык издеп Бурулайдын жылаңач денесиндеги жазылган тамгалар интернет желелерине чыгып кетти. Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, өңсүз өксүү, үнсүз өксүү каптайт. Тирүүлүктө баарынан кайгылуусу ишеничтин жоголгону эмеспи. Биз өлкөбүздөн, мекенибизден ишеничти жоготтук. Кайдыгербиз. Эртең деле мындай окуялар кайталана берчүдөй. Акырындап жүрөк кагуусу токтогондой, бүлбүлдөгөн ишеничтер биротоло жалп өчкөндөй…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: