Menu

Канатбек Мурзахалилов, диний эксперт: Дин маселесинде оюндун эрежесин мамлекет аныкташ керек

Бөлүшүү:

– Канат мырза, Кыргызстандагы бүгүнкү диний кырдаалга кандай баа бересиз?

– Кырдаал бир топ эле кыйын, бирок, мамлекеттик органдар жана конфессиялык шериктештиктер тарабынан көзөмөлдөнгөн абалда деп бааласак болот. Ошол эле учурда коомдун, өзгөчө жаштардын радикалдашуу маселеси чындап эле актуалдуу. Ал дүйнөдөгү жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү, айталы, Сириядагы глобалдык процесстерге байланыштуу. Кыргызстандын аймагында ар кайсы инстанциядагы соттор экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү 20 топтун ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Алардын дээрлик баарынын башкаруучулары, тамыры сырт жактарда.

– Эмне үчүн адамдар радикалдык топторго кошулуп кетип жатышат деп ойлойсуз?

– Эң башкы себеби, бул диний билимдин жетишсиздиги. Элдин баары эле исламдагы агымдардын кимиси кандай багытта экенин биле беришпейт. Анын ичинде Кыргызстанда кылымдар бою калыптанып калган ханафий мазхабы тууралуу да толук түшүнүк жок.

Радикалдуу топтордун эмиссарлары жана тарапташтары мечитке келгендер, өзгөчө жаштар менен тыгыз иштешип, өздөрүнүн кадрдык резервин түзүүгө аракет кылышууда, жаштарды жашыруун түрдө чет элдердеги ислам борборлоруна окууга жиберүүнү уюштурушат. Алардын үгүт иштери интернет аркылуу жүргүзүлүп, фатвалары онлайн режимде жайылтылууда.

– Диний билим жетишсиз дегенде сиз элди айтып жатасызбы, же дин ишмерлеринби?

– Экөөнү тең. Бул маселеде оюндун эрежесин мамлекет аныкташы керек. 2017-жылы муфтият аттестация өткөргөндө дин ишмерлеринин 28 пайызы сынактан өтпөй калышты. Бул шариятты чечмелеп, элди агартууга тийиш болгон дин кызматкерлеринин билим деңгээли жетишсиз экендигинен кабар берип турат. Имамдардын көбү атайын даярдыктан өтүшкөн эмес, аларда билим, иш тажрыйбасы жетишпейт. Экинчи жагынан, биз мечиттердин көбөйүшү, алардын алдында ар түрдүү медреселердин, Куранды үйрөтүү боюнча курстардын ачылышы менен кыргызстандыктар дин маселелерин жакшыраак түшүнө башташат деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, андай болгон жок.

Белгилей кетчү нерсе, бизде диний билимди жөнгө салуучу мыйзам жок. Өткөн чакырылыштагы парламент долбоорду үчүнчү окуудан токтотуп, артка кайтарган. Ошондон бери депутаттардын эч кимиси ага кайра кайрылышкан жок. Укуктук-ченемдик актыларда коллизия бар. Мисалы, «Дин ишеними эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзам диний окуу жайларын ачканга уруксат берет. Ошол эле учурда укуктук-ченемдик актыда жалпы билим берүүчү окуу жайларын бүтө электе балдарды жогорку жана орто диний окуу жайларда окутууга тыюу салынган. Ислам ЖОЖдорунун жана медреселеринин бүтүрүүчүлөрү мамлекет тарабынан керектелбейт, мамлекет алардын документтерин тааныбайт. Мусулмандардын дин башкармалыгы окутуунун бирдиктүү программасын иштеп чыкса да, биздин өлкөдө ал стандарт иштебейт. 2017-жылы Ислам университети гана лицензия алды.

Кыргызстан диний окуу жайлардын көптүгү боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда турат. Мына ошондуктан, дагы бир жолу кайталагым келет, мамлекет бул маселени өз колуна алып, диний билим берүү, анын ичинде биздин жарандарды чет өлкөлөрдө окутуу боюнча маселелерде оюндун эрежесин аныктоого тийиш. Бүгүнкү күндө мамлекеттик ведомстводо да, мусулмандардын дин башкармалыгында да чет жактардагы диний окуу жайларында канча студент окуп келди, дагы канчасы окуп жатканы тууралуу так маалымат жок.

– Мектептерде диний агартуу боюнча сабакты киргизүү жөнүндөгү маселе бир нече жолу көтөрүлдү. Сиздин көз карашыңыз боюнча, мындай предмет керекпи?

– Бул маселеде биз кечигип калдык. Жаңылбасам, билим берүү жана илим министрлиги дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен бирдикте пилоттук режимде 10 мектепке «Дүйнөлүк диндердин тарыхы» сабагын киргизген. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 2014-2020-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруунун алкагында теологиялык колледж ачылып, анын бүтүрүүчүлөрү диплом алышат. Биз мындай сабактарды киргизишибиз керек, бирок ошол эле учурда кайсы бир динге ооп кеткенден этият болушубуз зарыл.

Маселе башкада. Бу сабактарды кимдер окутат? Дипломдорун мамлекет тааныбаган диний окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүбү? Светтик ЖОЖдордун теологиялык факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүбү, же кайра даярдыктан өткөн коом таануу мугалимдериби?

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: