Menu

Тажикстанда чет элдик туристтер курман болгон жерде эстелик орнотулат

Бөлүшүү:

Дангара районунун чет элдик туристтерге кол салуу болгон аймагында –Себистон айлында эстелик- велосипед орнотулат.

Эстелик-велосипед «Рахш Такси» компаниясы тарабынан жасалат. Бул компания тажик бийлигинин колдоосу менен Дангара-Душанбе жолунда каза болгон туристтердин элесине арналган “Ташикстандыктар сиздер менен!” аталышында веломарафон өткөрөт.

Веломарафондун катышуучулары эстелик-велосипеддин ачылыш аземине катышат.

«Эстеликти ачуу менен биз Дангарадагы кол салуунун курмандыктарына урмат көрсөтөбүз. Тажиктер меймандос калк болгонун жана боло берерин, Тажикстан туристтер жана саякатчылар үчүн коопсуз өлкө бойдон каларын айткыбыз келет», – деди компаниянын маалымат катчысы Содикджон Зарифи.

Буга чейин Дангара районунда велотуристтерге арналган мемориалдык доска орнотулган.

29-июлда Дангара районунда велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа сүзүп кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган. Тажикстандын ички иштер министри автоунаадагы адамдар туристтерди сүздүргөндөн кийин аларга курал жана бычак менен кол салганын билдирген.

Шектүүлөрдү кармоо операциясында беш киши жок кылынган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: