Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кызматына секирик жасап кеткени орду бош турат. Шаардык кеңеш кимди төрага кылып шайлашты билбей, бийлик тарапты кылчактап карап аргасы кетүүдө. Дегенибиз, буга чейин төрага болот деген Жумабек Салымбековго бийликтеги таасирдүү фигуралар тарабынан бут тосуулар болуп, шаардык кеңештин башчылыгына Бакиевдин доорунда башкы прокурор болгон Камбаралы Конгантиевдин баласы Кубанычбек Конгантиевдин талапкерлигин түртүп жатышыптыр. Мында жагдай шаардык кеңештин депутаттарынын арасында ыйкы-тыйкы жаратып, «Конгантиевди төрага кылсак, ошондо даана ит болобуз» деген каршылыктар өкүм сүрүүдө. Мына абал ушундай чатак. Ошондо Бишкек шаарын Бакиевдин кадрлары башкарып калабы деген суроо коомдун жүрөгүн өйүүдө…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ