Menu

Лунара Мамытовада такыр ар жок экен э – ээй…

Бөлүшүү:

Курман айтка карата “Катар Чарити” кайрымдуулук фонду жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 725 койдун этин таратты. Бул иш-чараны Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова өзүнө пиар катары колдонуп, коомчулуктун оозун ачырды. Ал маалымат каражаттарына «Лунара Мамытова 725 койдун этин бей-бечараларга таркатты» дедиртип пиар жасап, өзүнүн жанынан кайрымдуулук көрсөтүп жаткандай, бирөөнүн соопчулук ишин менчиктеп алды. Кызык, уят деген такыр нөл тура. Буга чейин «Лунара Мамытова министр болот экен, татыктуу, иштин көзүн билет» деген өңүттө маалымат тараттырган. Диктор болуп экран алдында жазып берген кагазды окуп берип жүрүп, анан «Бир Болдун» лидери Алтынбек Сулаймановдун колдоосу аркылуу Жогорку Кеңешке депутат болуп, натыйжада иштин көзүн билбеген мажүрөөлүгүнөн социалдык министрликке орун басарлык кызматка кеткен. Эми амбициясы ойгонуп, элди чочуткан пиар менен алек боло баштады, күлкүнү келтирип…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: