Menu

Бакыт Давлеталиев, Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы: Транспорттук көзөмөлдөө пунктарында автоматташтырылган жаңы тараза жабдыктары орнотулууда

Бөлүшүү:

-Бакыт мырза жол күрөө тамыр демекчи жолдорубуздун бузулбай сакталышы үчүн сиздердин агенттик кандай чараларды көрүүдө?

– Жолдордун бузулбай сакталуусун камсыздоо максатында биздин Автомобиль, суу транспорту жана салмактык өлчөм көзөмөлдөө агенттигинде өлкө аймагында 26 транспорттук көзөмөлдөө пункту бар. Анын ичинен 18 стационардык салмак тыш-өлчөм транспорттук көзөмөлдөө пунктунда динамикалык унаа таразасы программалары менен камтылган жана таразага кирип-чыгуу жолдору жасалып жана 9 мобилдик группалары түзүлгөн. Жүк ташуу багытындагы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, бирдиктүу мамлекеттик саясатын ишке ашыруу толук камдуу көзөмөл жүргүзүлүп келүүдө.

– Коррупииялык элементтерди жана адамдык факторлорду азайтуу максатында кандай аракеттер көрүлүүдө?

-Коррупциялык элементтерди жана адамдык факторлорду азайтуу максатында Автотранспорт агенттигинде Электрондук транспорт көзөмөлүн алып баруу үчүн борборлоштурган сервер киргизилген. Транспорт жана жол министрлигинин имаратында бирдиктүү сервер бардык жабдыктары менен орнотулган.

Кыргызтелеком менен келишим түзүлүп, 13 транспорттук көзөмөлдөө пунктуна интернет байланыштары (ВОЛС) тартылып, борборлоштурулган серверге туташтырылды. “Жаңы-Арык”, “Ноокат” транспорттук көзөмөлдөө пунктуна тендер өткөрүлүп, интернет байланыштары (ВОЛС) жакынкы арада кошулат. Онлайн багытындагы цифралык видео көзөмөлдөр жана компьютердик жабдыктар бардык транспорттук көзөмөлдөө пункту үчүн сатып алынды.

Буга чейин Салмактык көзөмөлдөө департаменти болсо азыр Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспортунун мамлекеттик агенттиги кошулуп, оптимизация болгондугуна байланыштуу туташтырылган программа камтылган бирдиктүү программасы иштелип чыкты. “Салмак тыш-өлчөм көзөмөлдөө маалыматтык системасынын бирдиктүү борбору” программасы, “Электрондук транспорттук көзөмөл” маалыматтык автоматташтырылган системасына” бириктирилген. Азыркы учурда “Ак-Тилек”, “Маловодный”, “Сосновка”, “Чалдовар”, “Кемин”, “Ак-Жол”, “Кызыл-Адыр”, “Кара-Көл”, “Иркештам”, “Сары-Таш”, “Достук”, “Көк-Талаа”, “Кулунду”, “Кызыл-Бел”, “Ат-Башы” транспорттук көзөмөлдөө пунктарында толук “Электрондук транспорттук көзөмөл” Автоматташтырылган маалыматтык системасы” иштеп жатат. Ал эми “Жаңы-Арык”, “Ноокат”, “Карамык”, ‘Турускул”, “Арал”, “Ысык-Кел” “Кольцо” транспорттук көзөмөлдөө пунктунда “Электрондук транспорттук көзөмөл” программасы автономдуу түрдө иштеп келүүдө. Жакынкы арада интернет байланыштары (ВОЛС) тартылып, борборлоштурулган серверге туташтырылат. Бардык транспорттук көзөмөлдөө пунктунда инспекторлор атайын “Электрондук транспорттук контроль” прогаммасын практикалык колдонуу түрүндө окутулуп чыкты. “Балыкчы”, “Каратай” транспорттук көзөмөлдөө пункттарында 2018-жылы модернизациялоо иштери жүргүзүлүп, автоматташтырылган жаңы тараза жабдыктары орнотулуп “Электрондук транспорттук көзөмөл” Автоматташтырылган маалыматтык системасына” кошулат.

-Заманбап үлгүдөгү оор жүк ташуучу унаалардын салмагын көзөмөлдөөчү ситемада да артта калбасаңар керек?

– Ооба, азыркы техника өнүккөн заманда биз дагы артта калып калбайлы деп аракеттерди көрүп жатабыз. Словакиялык “БЕТАМОНТ“ фирмасы менен келишим түздүк. Азыркы тапта “Кемин” жана “Сосновка” транспорттук көзөмөлдөө пункттарын, автоматтык көзөмөлдөө үчүн Дүйнөлүк банктын каражатынын эсебинен заманбап үлгүсүндөгү салынган динамикалык салмак тыш-өлчөм автоматтык системасы менен жабдылып, тесттик режимде иш жүргүзүлүүдө. Бул системанын артыкчылыгы 40 км/с. 90 км/с. ылдамдыгына автоунаасынын мамлекеттик номерин, узундугун, туурасын, бийиктигин, жалпы салмагын жана ар бир октун салмагын, транспорттук каражаттын жалпы көрүнүшүн, өткөн убактысын, чөйрөнүн температурасын, ылдамдыгын аныктап андан кийин бардык маалыматтарды борбордук серверге автоматтык түрдө жиберет. Борбордук сервердеги маалыматтар өчүрүлбөй, 10 жылга чейин сакталып турат. 2018-жылы күз айларында “Жаңы-Арык”, “Кара-тай” транспорттук көзөмөлдөө пункттарына да Дүйнөлүк банктын каражатынын эсебинен динамикалык салмак тыш-өлчөм автоматтык системасы орнотулуп, ишке берилет.

Тимур Термечиков

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: