Menu

Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарыхын изилдөө ниети менен келген Кытай Тарых институтунун Евразиялык изилдөөлөр борборунун окумуштууларын кабыл алды

Бөлүшүү:

Президент Пекин шаарында эмгектенген Кытай коомдук илимдер академиясынын Тарых институтунун Евразиялык изилдөөлөр борборунун окумуштуулары Ли Цзиньсю, Жингели, Жаркын Турсун, Сун Хао, Ли Мингфейди кабыл алды. Жолугушууга тарыхчы Кыяс Молдокасымов дагы катышты. Бул туралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кытай тарыхчы-окумуштуулар менен КЭР архивдеринен кыргыз тарыхына байланыштуу архивдик документтерди изилдөө жана жыйнап которуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы аларга кыргыз тарыхына кызыгып, изилдөөлөрдү жүргүзөбүз деген умтулуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков мындан ары да кытай тарап менен кызматташып, кыргыз элине таандык тарыхый булактарын изилдөө боюнча КР Президенттик Аппаратынын алдындагы Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» Фондуна тапшырма берди.

Кытай окумуштуулары бул багытта ар тараптуу колдоо көрсөтөрүнө даяр экендигин билдиришти.

Кыргыз тарыхынын байыркы мезгилине байланыштуу тарыхый жазма булактар негизинен Кытай Эл Республикасынын архивдеринде, музейлеринде, китепканаларында сакталып келет. Эгемендүүлүккө чейин бул архивдик документтер менен негизинен орус окумуштуулары эмгектенип келишкен.

Ал эми эгемендүүлүк жылдары айрым архивдик документтер кытайлык кыргыз окумуштуулар тарабынан изилденип, которулуп жарыяланып келет.

Кытайдагы архивдик документтер менен комплекстүү иштөө тууралуу тарыхчылардын сунуштары берилип жатканы белгилүү.

Эске салсак, 2018-жылдын июнь айында Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына барган мамлекеттик визитинин учурунда кыргыз-кытай мамилелерин бекемдөө алкагында Кытайдын архив, музей, китепканаларынан кыргыз тарыхына байланыштуу архивдик документтерди изилдөө жана жыйноо демилгесин КЭР жетекчилиги колдоого алып, мүмкүнчүлүк түзүп берерин билдиришкен.

Кытайдагы архивдик документтер боюнча ишти жүзөгө ашыруу «Мурас» Фондуна жүктөлгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: