Бишкектин мэрлигине эптеп Азиз Суракматов отурары менен аппарат жетекчиликти Балбак Түлөбаев басып жыгылды. Мурда “Аюу” деген майлуу кампаниядагы орун басарлыктан көрө азыркы кызматын өйдө көргөн мырзанын алгачкы кадамдары бир жагынан ичиркентип жиберерлик деңгээлге чыкканы кызык ойлорго түртмөктөйт. Чү дегенде эле жарандык активисттердин “ысылыгын” төмөндөтүүнү көздөп алардын айрымдарына байланыш аркылуу чыгып, акыры баарлашууга жетишти. Тилекке каршы Равшан Жээнбеков анын сунушуна караманча каршылыгын көрсөттү. Чамасы ал биринчи номурдагы “футболка” кийген мэр менен жекеме-жеке сүйлөшкүсү келген окшойт.
Аппарат башчынын демилгесине ишенсек ар жума сайын мэрге дооматы бар блогерлерди, башка кепти тескери чойгондорду чогултуп алып, чечилбеген маселенин кежигесинен кармап ийге келтирүүгө болгон далалатын байкоого болот. Балким бул “жумалык” ыкмасы анын “көзүр фишкасы” чыгар? Бирок, ошондой масилеттешүүдөн майнап чыгабы, ал башка маселе. Ошентсе да баштагы мээге башкача ой кетет экен, тигилер(жарандык активисттер) сунуштаган “Коомдук кеңеш” мэрдин көңүлүнө, мурдун көтөргөн шаардык кеңештин депутаттарына туура келер бекен? Кырк беш депутатка алы жетеби? Алар деле төшүн каршылаштарына тоспойт деп ким кепилдик берет? Жаңы шайланган төраганын дарамети мурдагыдан кубаттуу болуп кетсе аягы не болот? Албетте, эгерде шылтоо издешсе, мыйзамга дал келбей калды деп кутулса болот. Анткени буйтап кетүүнү куп үйрөнбөдүкпү? Эмнеси болсо да алгачкы “чабалекейди” Балбакин учурду, анын канаты каерден, качан таалыйт көрө жатарбыз.
Булак: Ачык сөз
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ