Menu

Казакстанда жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагында Кыргызстандын командасы 3-орунду ээледи

Бөлүшүү:

Форум Казахстан Республикасынын ИИМдин Административдик практика полициясынын жана Казакстандын Шелл компаниясынын демилгеси менен уюштурулуп, аймактык мелдештен уткан командалардын арасында 2001-жылдан бери өткөрүлүп келген. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Бул жылы мелдеш жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн 45 жылдыгына арналды. Сынакка Казакстан Республикасынын, Беларусия Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жол-көзөмөлдөө полициясынын (милиция) жаш жардамчылары чогулушту.

Кыргыз Республикасынан Ош облусунун Ноокат районунун К. Бобулов атындагы орто мектептин “Светофор” жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн отряды катышууда. Алар ушул жылдын май айында Бишкек шаарында өткөн ЖКЖТ-2018 республикалык сынагын жеңип алышкан. Команданын капитаны- Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын өкүлү, милициянын подполковниги Тилек Оторов. Сынактын программасы бир катар мелдештерди камтып, 8 мелдеш кирген: “Саптык кароо”, “Жаш жөнгө салгыч”, “ЖКЭни билгичтер”, “Эрудиттердин турнири”, “Үгүттөө тобунун сынагы”, андан сырткары велосипедди фигуралуу тебүү менен автошаарчада велесипед тебүү.

Мелдеште эң мыктысы катары үгүттөө тобунун сынагы эсептелди. Андан 5 мүнөттүн ичинде жаш тескөөчүлөр ырдын, бийдин, ыр саптары менен жол кыймылыны эрежелерин үгүттөө керек болгон жана бул тапшырманы Кыргызстандан барган команда жогорку деңгээлде даярдыгын көрсөттү. Он күн аралыгында сынактык программасында жол полиция кызматынын түзүлүүнүн тарыхы, жол-транспорттук кырсыкка кабылгандарга медициналык жардамды тез арада көрсөтүү, кесилиштерде кыймылдарды жөнгө салуу боюнча билген билимдерин көрсөтүштү.

Жаш жол кыймылынын тескөөчүлөрү үчүн ЖЖКТнын мектептердеги отрядын түзүү иштери, жол-транспорттук кырсыкка дуушар болгонго биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча семинар-теренинги, ал эми полиция (милиция) кызматкерлери үчүн балдардын жол кырсыгынан жаракат алуусун алдын алуу жана КМШ өлкөлөрүнөн келген кесиптештиринин иш тажрыйбасы менен бөлүшүү боюнча семинар-жыйын өтүлдү. Андан сырткары, сынактын программасында полиция (милиция) кызматкерлери, билим берүү тутумунун жумушчулары арасында дагы сынактар өтүлдү.
Сынактын жыйынтыгы менен Кыргызстандан барган жаш жол кыймылынын тескөөчүлөрү 19 команданын ичинен 3 орунду ээлешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: