Жаштайынан чыйрак чыккан жигиттерибиздин бири, 2003-жылдары «Чечен айтыш» телекөрсөтүүсү аркылуу эл алдына чыгып, кийин калеминен мурч төгүлгөн акын, чындык дегенде чыркыраган журналист катары калың элдин катмарына таанылган Мирлан Самыйкожо акыркы кездерде саясатка батыл киришкени байкалууда. Алсак, Кылычбек Исамамбетов башында турган «Бирик» саясий партиясынын кышын кынаптаган, негиздөөчүлөрүнүн бири катары таскагы чыгууда. Элге кызмат кылалы, жаркын келечек үчүн саясаттагы ириткилерден тазаланалы деген аруу тилек менен топ жарып келе жаткан азаматтарды алкап койсок неге болбосун? Арышыңар артаберсин!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ