Өткөн аптада Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин алдындагы терроризмге каршы күрөшүү Башкармалыгынын жетекчиси В. Воронков отчет жасап буларды айтканы маалым болду: “Азыр Ирак, Сирия аймагында эл аралык террордук түзүм ИГИЛдин 20 миңдей адамдары бар. Ирак, Сирияда набыт болбой тирүү калгандар ар кайсы мамлекеттерге, өз жерлерине барып эл арасына сиңип кетип жатат. Ошондой эле алардын байланыштары үзүлө элек. Буларды дагы эле четтен каржылоо жүрүп жатат. Эл ичине сиңип кеткен ислам террорчуларды кармоо өтө кыйынга турууда. Булар ыңгайы келсе эле ошол барган мамлекеттерде баш көтөрөт. Глобалдуу террорчулуктун тамырын үзүүгө бардык өлкөлөр бир туруп күрөшүү керек” деп. Ал эми ушул эле Башкармалыктын аткаруу Комитетинин жетекчиси Мишел Кониксис: “ИГИЛдин ар кайсы мамлекеттерге, өз жерине барып, элге аралашып кеткен террорчуларды издеп табуу, ошол өлкөлөрдө бул багытта иштөөчү коопсуздук кызматындагы адистердин чабалдыгы болууда. Алар жашынып жүрүшкөн террорчуларды кармоонун жаңы технологияларын жакшы биле беришпейт. Террорчулар ар кандай заттардан жардыруучу курал, өзү учуучу аппаратты (беспилотник) жасаганды билишет. Ошентсе да ар бир күч түзүмүнүн адистери кыраакылыкты бошоңдотпош керек” деди.
(Ушул жылдын май айында болсо керек, В. Воронков, М. Кониксис Борбор Азия мамлекеттерин кыдырып кетишкен. Балким ошондо Борбор Азиядагы аракеттерди өз көзү менен көргөндөн улам М. Кониксис “копсуздук кызматтары чабал” деп атса керек.)
PS: ИГИЛдин катарына КРдан 850 адам кеткен. Алар менен кеткен 50 өспүрүм болгон. Согушта 150сү набыт кетип, 44 жаран кайтып келген.
Булак: “Айгай”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ