Президенттик шайлоонун алдында учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Өмүрбек Бабанов менен теледебатта кайым айтыша кеткен жайы бар. Ошондо Жээнбеков: «Коррупция менен мына мен күрөшөм. Биринчи сенден баштайм», – деп Бабановдун оозунан келмесин учурган. Чынында шайлоо бүтөөрү менен Бабановго эки кылмыш иши козголду. Натыйжада өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан кеткенин жар салды. Бирок козголгон эки кылмыш иши тең коррупцияга байланыштуу эмес. Демек, Жээнбеков Бабановго кандай максатты көздөп кылмыш козгогон болот? Айткандай, жакындан бери маалымат булактарында таасирдүү саясатчылар тарабынан Бабановду Кыргызстанга келүүгө көндүрүп жатканы жазылды. Күздөн баштап, жазга чейин саясатта стратегиялык мүнөздө тымызын кармашуулар орун алаары байкалып калды…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ