Menu

Роза Отунбаева президент С.Жээнбековго: “Өзүңүздүн жашоо позицияңызды эч жоготпой, инсандык сапаттарды абдан бийик тутундуңуз!”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү, алтымыш жылдык мааракеси менен чын ыкластан куттуктады. Роза Отунбаева атайын жолдогон куттуктоо катында Жээнбековдун саясий ишмердүүлүгүн Эгемендиктин 27 жыл ичиндеги оор сыноолор жана өткөөл мезгилдер бара-бара такшалткандыгын баса белгиледи.

– Сизди 60 жаш кутман курак мааракеңиз менен чын ыкластан куттуктайм! Сиздин саясий жана мамлекеттик ишмердигиңиз эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаңыдан түптөлүү мезгилине, өткөн 27 жыл ичиндеги оор сыноолордун жана чукул бурулуштардын учуруна туш келди. Өткөөл мезгилдин мектеби Сизди бара-бара такшалтты, бул аралыкта абдан чоң тажрыйба дагы топтодуңуз. Жогорку Кеңештин депутаты катарындабы, Өкмөт мүчөсү сыңарыбы, же оппозициялык партиянын катардагы мүчөсү катарындабы, айтор, кандай жагдай болсо дагы Сиз өзүңүздүн жашоо позицияңызды эч жоготпой, инсандык сапаттарды абдан бийик тутундуңуз. Айрыкча 2010-жылдагы Апрель Элдик революциясынан кийин Ош облусундагы курчуган кырдаалды туруктуу жөнгө салууда, каргашалуу июнь коогалаңын ырбатпастан басууда жана анын кесепеттерин жоюуда Сиздин мээнетиңиз абдан зор! Ушул тапта деле мамлекеттин жүгүн көтөрүү вазийпасын абийирдүү  аркалап турасыз, жүк оор, жоопкерчилик чоң! Сиздин жетекчилик менен көйгөйлүү реформалар аягына жеткирилип, өлкөбүздө парламенттик демократия биротоло бекемделип, коомдо акыйкаттык орноп, адамдын укуктары менен эркиндиктери толук камсыз болот деп терең ишенем! Сиздин түйшүктүү ишиңизге ийгилик гана каалайм! Ар дайым ден-соолукта болуңуз! Сиздин акылман жетекчилигиңиз астында көйгөйлүү  реформалар аягына жеткирилип, өлкөбүздө парламенттик демократия биротоло бекемделип, коомдо акыйкаттык орноп, адам укуктары менен эркиндиктери толук камсыз болот деп бекем ишенем!- деген Роза Отунбаева өз куттуктоосунда.

Алишер Токсонбаев

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: