Menu

Эрдоган Кыргызстанды түрк лирасы менен соода жүргүзүүгө чакырды

Бөлүшүү:

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанды түрк лирасы менен экономикалык алака жүргүзүүгө чакырды. Эрдоган бул тууралуу Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жүрүшүндө, 2-сентябрда Бишкекте өткөн кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышкан учурда айтты.

Түрк президентинин билдирүүсүндө, доллар Түркиянын экономикасына терс таасир тийгизүүдө.

Анкара өз валютасы – лираны Кытай жана Орусия менен соода-экономикалык кызматташтыкта активдештирип жатат. Эрдоган ушундай эле мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстан менен кызматташтыкта да карап көрүүнү сунуштады.

АКШ августтун башында Түркиянын тышкы иштер жана юстиция министрлерине санкция киргизген. Анкара да Америкага дал ушундай өңүттө жооп берген. Кийинчерээк АКШнын президенти Дональд Трамп түрк болоту менен алюминийине бажы төлөмдөрүн жогорулаткан. Бул билдирүүлөрдүн фонунда лира арзандаган.

Президент Режеп Тайып Эрдоган улуттук валютанын алсыроосун Анкаранын өз алдынча саясатына каршы акция деп баалаган. Жыл башынан бери түрк лирасынын куну 45% төмөндөп кетти. Мындан улам Эрдоган АКШда өндүрүлгөн электрондук товарларга бойкот жарыялоого чакырган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: