Menu

Луттфилла Бусурманкул уулу, ырчы: Өзүм жетпеген бийиктиктерге уулум жетсин деп жатам

Бөлүшүү:

-Мына жай айы да аяктап, күз келди дегендей, быйылкы жай сен үчүн кандай мезгил болду? Эс алууга убакыт табылдыбы же чыгармачылыктын түйшүгүнөн бошой алган жоксунбу?

– Быйылкы жай мен үчүн ийгиликтердин жайы болду десем жаңылышпайм. Себеби буга чейин менин колумда тарбияланып, ырдап чыгап элге таанылып калган Кудайберген Айтбосунов деген ырчы жигит өз кемчилигин билип, катачылыгын түшүнүп, ал кылгандары үчүн өкүнүп, кайра мага кайтып келди. Буга чейин кандайдыр бир түшүнбөстүктөрдөн улам ал өз алдынча ырдап кеткен болчу. Мындан сырткары жаш, таланттуу, жаңы сахнага кадам таштап жаткан Жаныбек Оңолбаев деген ырчы менен да иштешип баштадым. Жайдын аягында Мурадил Данияровдун бата алуу концертин бергени турабыз. Кудай буюрса, эртең Базар-Коргоңдо алгачкы концерти өтмөкчү. Учурда толкунданып, кубанып, даярдыкты катуу көрүп жатабыз. Дагы айта турган нерсе, уулум Кутман да сахнага кадам таштап, ырчылыкка аралашьш баштады. Уулумдун алгачкы ырын жаздырдык, эл өз баасын берип  жатат. Гүлшайыр Садыбакасованын калемине таандык «Атам өскөн айылда» чыгармасы менен тушоосун кесип, сахнага кадам таштады. Эми өзүм жөнүндө айтсам, «Ыйлаба кызым» деген ыр жаратып элимдин сынына койдум. Кыскасы, быйыл чыгармачылыктан бошогон жокпуз, эс алууга убакыт жетпей калды. Ага өкүнбөйбүз, ишибиз жемишин берсе ошо бизге күч-кубат, дем болот.

– «Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет» деген жакшы сөз бар эмеспи элибизде, бир жолу сенден кеткен баланы кайра кабыл алдыңбы, айранды үйлөп ичкенди үйрөнө элексиңби?

– Ооба, мындай сөз бар, бул да жөн жерден айтылган эмес. Бирок мен кекчил эмесмин. Каталыгын сезип, кечирим сурап келди. Кечирдим, дагы бир мүмкүнчүлүк берүүнү туура көрдүм. «Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч» деген жакшы сөз бар эмеспи. Кечире билүү шарт деп эсептейм. Анын үстүнө жаштык кылды. Биздин ийгиликти көрө албагандардын курмандыгы болуп калды. Кимдер эмне деп айтканын, эмне себептен кеткенин ачык айтып түшүндүрдү, мен да түшүндүм. Эми мындан ары мындай катачылыктарга жол берилбейт деп ишенем. Ал да өз убадасын берди. Анан кайра иштей баштадык.

– Шоу-бизнесте продюсер менен ырчынын ортосунда кайым айтышуулар көп эле кездешип келет. Сенде да азыр жаш таланттар көбөйүптүр, кайсы бир күнү сен да массалык маалымат каражаттары аркылуу өз окуучуларың менен кайым айтышып калбайсыңбы?

– Ооба, андай көрүнүштөр көп эле болду. Бирок менде андай болбойт деп ишенем. Себеби Кудайберди менден кеткенде деле мен эч кимге айтып чыккан жокмун. Мени алдап кетти, эмгегимди билбей кетти деп гезиттерге интервью берген жокмун. Жөн гана күттүм, эмгегим текке кетпесин билдим. Ошол себептен ал туурасында эч кимге ооз ачкан жокмун. Азыр деле ушул принципти карманам. Бирөө кетсе эле артынан сөз чыгарбай, убакыт берип күтө туруу зарыл. Түшүнгөн адам келет, түшүнбөгөн адам менен кайым айтышып кереги жок деп билем. Негизи мен балдардын баарына бирдей мамиле жасайм, ачык иштейм. Каражат маселесин ачык айтып, ортого коюп чечим кабыл алам. Чыр эмнеден чыгат, баягы эле бүтпөгөн акчадан да. Акчаны ачык кармасаң эле пикир келишпестик болбойт.

– Азыр сенде жаш ырчылар көбөйүп калыптыр. Баарына убакыт таба аласыңбы? Бир эле учурда баарынын чыгармачылыгын алып кете аласыңбы?

– Өзүмө ишенгендиктен жаштар менен иштешип жатам. Убакытты туура бөлүштүрө билсе эле баарына жетет. Азыр менде төрт ырчы бар. Төртөөнө тең бирдей убакыт бөлүп, чыгармачылыктарын өстүрүп, эл сыймыктана турган ырчыларды жаратам деп ишенем. Продюсерликтен сырткары «Пирамида» телеканалында музыкалык бөлүмүндө продюсермин. Ал жактагы ишим да жоопкерчиликтүү, бирок баарына убакыт таап жетишип жатам.

– Продюсерлик кылам деп өз чыгармачылыгың аксап калган жокпу?

– Менин чыгармачылыгым аксап жатат. Өзүмө убакыт жетпейт. Бирок акыркы убактарда ден соолугума байланыштуу сахнага чыкпай турууну туура көрүп, чыгармачылык тыныгуу алып жаткам. Сахнага келбет керек. Ага кам көрүш керек дегендей… Буюрса, мурдагы калыбыма келип, баарын башынан баштап, сахнага жаңы стиль менен, жаңы ырлар менен чыгууну пландап жатам.

– Марсиана менен Хакасияга конкурска барып нааразы болуп келдиң эле?..

– Ооба, сынакка катышып келдик. Сынактагы калыстар тобунун баары Марсиананын ырдаганын абдан жактырышты, керек болсо таң калышты. Бирок сынак аягына чыгаарда өзүбүздөн эле бут тосуулар болуп, биздин кыз орунга жетпей калды. Бирок биз андай бут тосууларга сынбайбыз, сынактар алдыда. Дагы көп сынактарда күч сынашып, элибиздин намысын коргойбуз. Марсиана мыкты ырчы. Ал дүйнөлүк сынактарга катыша турган кыз. Келечек алдыда, ийгиликтер биздики. Ал нааразычылыкты биз унутуп калганбыз.

– Азыр даярдап жаткан балдарыңды эл аралык сынактарга алып баруу максаттарың барбы?

– Албетте, бар. Бирок биз Хакасияга барганда эл аралык сынактардын өтүшүн, деңгээлин көрдүк. Ошондуктан кийинки сынактарга бараарда кылдаттык мамиле кыла турган болдук.

– Балаңды да ырчылыкка аралаштырып жатыпсың, чыгармачылыктын түйшүгүн өзүң билесиң дегендей, негизи балаңа туура эле багыт бердим деп ойлойсуңбу?

– Мен ушул кезге чейин көп эле ырчыларга жардам берип келдим. Билгени да, билбегени да болду. Ошонун баарын билип жүргөн уулум «Ата, сен элдин баарына эле жардам берип жатасың, менин деле ырдагым келет. Мени ырдатчы» – деп калды. Макул деп алгачкы ырын жаздырып келдик. Баламдын талантын көрүп музыканттар абдан таң калышты. Болбосо музыкалык деле билими жок. Эми буюрса, билим алып, ушул багытта иштеп кетет деп ишенем. Негизи мен жетпеген көп кыялдар бар, ошол нерселерге балам жетсин, мен багындыра албаган бийиктикти балам багындырсын деп болгон аракетимди балама жумшап жатам.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: