Азис Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп эки тизгин, бир чылбырды колго алгандан кийин, мурдагы мэр, камактагы Албек Ибраимовго кылган шартын жасап, чепкен, калпагын кийгизип Алмаз Кененбаев бийликтин көөнүн жайгарып коюп, президенттин аппарат жетекчисинин орун басары кызматына секирген. Максим Бакиевдин кайнагасынын жолу даңгыр экен, Бакиевдердин доору эчак аяктаган менен Кененбаевдин ити дагы да болсо чөп жеп жатат. Атамбаевдин тушунда КСДПнын шаардык кеңешин башкарды. Эми президенттик аппаратта ар кимге сес көрсөтүп, сиркеси суу көтөрбөй калган кези. Чымындай ишти пилге айлантып зирпилдесе, жанына киши тура албайт экен. Көрбөгөндүн көргөнү курусун деген ушул эмеспи…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ