Menu

Адам тууралу кызыктар

Бөлүшүү:

• Адамдын денесиндеги май менен 7 кесим кир самын жасоого болот.

• Адам төрөлгөндө анын мээсинде 14 миллиард клеткалар болот. Бул көрсөткүч адам өлгөнгө чейин өспөйт, тескерисинче 25 жаштан кийин бир күндө 100 000 клеткага кыскарып турат. Бир барак китеп окуганда 70 клетка өлөт. Адам 40 жашка чыккандан кийин клеткалар ылдамдык менен азайып, мээнин көлөмү кичирейе баштайт.

• Адамдын сакалы 7-15 миң талдан турат. Ар бир тал бир жылда 14 сантиметрге өсөт.

• Чылым чеккен эркектин каны 6 айда тазаланса, аялдыкы 3 айда тазаланат. Анткени аялдын этек кири менен кошо кандагы микробдор тезирээк чыгат.

• Жер жүзүндөгү төрөлгөн балдардын көбү көк көздүү болуп төрөлүшөт.

• Эки миллиард адамдын ичинен бирөө гана 116 жашка чейин же андан көп жашка чыга алышат.

• Бир суткада адамдын денесинен чыккан жылуулук таштай муздаган сууну 33 градуска чейин жылыта алат.

• 1918-1919-жылы грипптин натыйжасынан Европа менен АКШда 20 миллион адам көз жумган.

• Баш менен дубалды бир сүзгөндө 150 калорийди жоготконго барабар.

• Адамда болжол менен 2 миллион тер бездери бар. Орто эсеп менен адам бир күндө бир литр тер чыгарып, 540 калорий жоготот. Аялдарга караганда эркектер 40% га аз тердешет.

• Мессопатамиде доктур оорулууга ийгиликсиз операция жасап өлтүрүп алса өлүм жазасына тартылган, ал эми көзгө операция жасап оорулууну айыктыра албаса доктурдун өзүнүн көзүн чукуп салышчу.

• Адамдын сөөгүнүн 50%ы суудан турат.

• Бүт өмүрү өткөнгө чейин адамдын териси орто эсеп менен 1000 жолу түлөп, кайра калыбына келет.

• Көгүш көздүү адамдар башкаларга караганда ооруга сезимтал келишет.

• Адамдын манжалары өмүр бою болжол менен 25 миллион жолу ийилет. Башка манжаларга караганда ортоңку манжанын тырмагы тез өсөт. Тырмак кечки саат төрт менен алтынын ортосунда көбүрөөк өсөт.

• Адамдын организминдеги эң күчтүү булчуң -тил. Тил менен 2000ден ашык даам сезүүгө мүмкүн.

• Адамдын өмүрү өткөнчө чачынын узундугу болжол менен 725 километрге чейин өсөт. Ал эми бир түндө бир тал чач 0,35 миллиметрге чейин узарат. Бир күндө орто эсеп менен 40-80 тал чачтан айрылабыз. Эгер бул көрсөткүч жогоруласа доктурга кайрылганыңыз оң.

• Бир тал чач 3 килограм салмакты көтөрө алат.

• Адамдын денесинин 95%ы түк менен капталган. Аялдарга караганда эркектер бат таз болушат. Себеби аялдардын чачы териде 2 миллиметрге тереңирээк болот.

• Бир жылда адамдын жүрөгү 36 800 000 жолу соксо, ымыркайлардын жүрөгү бир мүнөттө 140-160 жолу согот. Адамдын жүрөгүнүн салмагы 220-260 граммды түзөт.

• Уктап жатканда адам бир жылда орто эсеп менен 14 курт-кумурска жутуп алат.

• Өпкөнүн сол жагына караганда оң жагына көп аба батат.

• Адамдын денесиндеги хлор менен беш бассейнди тазалаганга болот. Ал эми фосфор менен 20 миң тал ширеңке даярдоого болот.

• Адам бир күндө 23 000 жолу дем алат.

• Адамдын ичке ичегисинин узундугу 2,5 метрди түзсө, өлгөндөн кийин узундугу 6 метрге жетет.

• Эркектин бою 130 сантиметрден кем болсо, аялдыкы 120 сантимертден кем болгондон кийин гана эргежээл деп аталышат.

• Өмүрү өткөнчө адам 40 тоннадан ашык ар түрдүү азык-түлүк жей алат. 60 жаштан кийин адамдын даам сезүүсү 50%га начарлайт.

• Дүйнө жүзүндөгү төрөт үйлөрдө бир күндө 12 наристе ата-энесинен жаңылышып, башка колго берилет.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: