Menu

Түркияда кармалган өзбекстандык журналист Абдукарим Мирзаев бошотулду

Бөлүшүү:

Түркияда кармалган өзбекстандык журналист жана режиссер Абдукарим Мирзаев 12-январда Стамбулдагы депортация борборунан бошотулду. Бул тууралуу Registon TV онлайн-телеканалы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул тапта Абдукарим Мирзаев үй-бүлөсү менен үйүндө. Жакында ал түз эфир аркылуу болгон окуя тууралуу айтып берет.

Түркиядагы Кастамону университетинин аспиранты, 38 жаштагы Абдукарим Мирзаев былтыр 11-декабрда кармалган. Ал «шектүү киши менен телефондо сүйлөшкөнү үчүн» камакка алынган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Мирзаевдин Түркияда кармалышына тиешеси жок экенин маалымдаган. Өзбекстанда ага карата кандайдыр бир кылмыш иши козголуп же издөөгө алынган эмес.

38 жаштагы журналист «Пойтахт» менен «Замин» радиостанцияларында, «Ёшлар» жана «Узбекистан» телеканалдарында иштеген.

Мындан тышкары Мирзаев Кыргызстандын түштүгүндө болгон июнь окуялары боюнча тартылган «Изтироб» (Азап чегүү) даректүү тасмасынын режиссеру.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: