Menu

Фото – Тажикстанда жарым жылаңач аялдардын сүрөттөрү тартылган көргөзмө сынга кабылды

Бөлүшүү:

Тажик сүрөтчүсү Маърифат Давлатова жарым жылаңач аялдардын сүрөттөрү менен көрүүчүлөрдүн назарын бурду. Анын чыгармаларына суктангандар да, жактырбагандар да бар.

«Бул сериядагы биринчи сүрөтүм Венада коюлду. Анда чыгармам интернетте пайда болуп, адептүүлүк үчүн күрөшкөн тажикстандыктардан жаман сөздөрдү уктум», — деди Маърифат Давлатова.

Сүрөтчүнүн айтымында, жарым жылаңач аялдардын элестери – коомдогу теңсиздикке, аялдарды басмырлоого каршылык көрсөтүү. Маърифат Давлатова адептүүлүктү бетине кармаган айрым жарандар жарым жылаңач аялдарды тартууну токтотууга чакырып, опузалашканын билдирди.

«Бирок мен стереотиптерди бузганды жакшы көрөм. “Кээде эмне үчүн мындай “коркунучтуу” сүрөттөрдү таратасың, өмүрүңдү тобокелчиликке салба” деп сурашат… Бирок биз коркууларды жеңишибиз керек, себеби эркин жана светтик коомдо жашап жатабыз», — деди Маърифат Давлатова.

Жаш сүрөтчүнүн чыгармаларына ар ким ар кандай баа берүүдө – кимдир бирөө анын эр жүрөктүүлүгүнө суктанса, айрымдар анын сүрөттөрү тажик маданиятына жат келет деп эсептешет.

Маърифат Давлатованын сүрөт көргөзмөсү Душанбедеги «Серена» мейманканасында 11-сентябрга чейин уланат.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: