Ысык-Көл облусунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багыты боюнча 2018-жылга 33 объектиде иш-чара аткаруу мерчемделип, 8 ай ичинде 10 объектиде иш-чара аткарылып бүткөрүлдү. Бул тууралу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Ал эми 2 объектиде жумуштар жүргүзүлүүдө. Мерчемге киргизилген иш-чараларды аткаруунун натыйасында 961 турак үй, 1 мектеп, 1 административдик имарат, 1 гидропост, 1 ички чарбалык жол, 118 га айыл чарба жери, 1 мүрзө кырсыктардан корголмокчу. Бул тууралуу КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Замир Джумагазиев билдирди.
Алсак, Тон району боюнча Улахол айыл аймагынын Кара-Шаар айылындагы ачык дренаж казуу иштери, Көл-Төр а/а Көл-Төр айылындагы Конур-Өлөн суусунун, ошондой эле Кызыл-Туу айылы Ак-Терек суусунун жээгин бекемдөө иштери бүткөрүлдү.Ошондой эле, Б.Мамбетов айыл аймагынын Эшперов айылында селден коргоочу канал курулду.
Жети-Өгүз району боюнча Жети-Өгүз суусунун, Чон-Кызыл-Суу суусунун кооптуу тилкелерин бекемдөө жана сайдын нугун мехтазалоодон өткөрүү иштери аткарылган.
Ак-Суу районунун Жыргалан айылынын түштүк-чыгыш тарабына сел өтүүчү канал казылып 1- обектисинде иш-чара бүткөрүлүп, 2-объектиде жумуш аткарылууда.
Ошондой эле, Ысык-Көл районунун Жаркынбай айылындагы дамбаны тазалоо, арыкты кенейтүү иштери улантылууда.
Аткарылган иштердин натыйжасында, 150 турак үй, 68 га айыл-чарба жерлери, 1 мүрзө, 1 мектеп, 1 адмнистративдик имарат, 1 ички чарбалык жол кырсыктардан корголгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ